16-сентябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда курман болгон жоокерлер эскерилди. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Бул күнү чек араны коргоп жүрүп курман болгон аскерлердин урматына эстелик ачылып, ага 2000-жылдан бери каза болгон 59 жоокердин ысымдары жазылды.
Эске салсак, 2022-жылы сентябрдагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган. Быйыл Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюп, делимитация процесси толук аяктаган.