Башкы беткеМаанилүүЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына 150 жаңы автоунаа берилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына 150 жаңы автоунаа берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына автоунааларды тапшыруу жана кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасына катышты.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда чыгарылган автоунаалар менен кызматтарды камсыздоо өлкөнүн экономикалык кубатынын өсүп жатканын көрсөтөт. Бишкекте 400 миңден ашык автоунаа катталганын, күн сайын 700 миңдей машина жүрөрүн айткан Касымалиев жол коопсуздугун жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Жаңы берилген 150 автоунаа GPS-навигация, видеобайкоо камералары жана “Хайтера” рациялары менен жабдылган. Ошондой эле иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын 35 жылдыгына жана жайкы туристтик сезондогу эмгеги үчүн 7 куткаруучу жана милициянын 16 кызматкери сыйланды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар