Башкы беткеРубрикаларАймактарСүйүнчү! Баткенде 3 эм төрөлдү

Сүйүнчү! Баткенде 3 эм төрөлдү

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Бактыбай кызы Кызбурак үч эм кыз төрөдү.

Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдиева, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Маканов, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошева үч эмден кабар алып, Ош облуктук төрөт үйүнө барышты.

Ымыркайлар үчүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан баалуу белектер, эне жана наристелер үчүн керектүү болгон буюмдар жана Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 40 миң сом акчалай белек тапшырылды.

Ымыркайлар 30-апрелде жарыкка келген. Үч эмдин атасы — Нурланбек Имарбеков. Кыздарга Муслима, Дариха, Фатима деген ысым берилген.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар