Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвропадагы токой өрттөрү 2025-жылы рекорддук деңгээлге жетти

Европадагы токой өрттөрү 2025-жылы рекорддук деңгээлге жетти

2025-жылдын жай айларында Европадагы токой өрттөрү мурда-кийин болуп көрбөгөндөй масштабга жетти. Европанын Copernicus токой өрттөрү боюнча маалымат системасынын маалыматына ылайык, быйыл өрттөрдүн кесепетинен дээрлик 1 миллион гектар жер күйүп кеткен. Бул Сицилиянын аянтынан дээрлик эки эсе көп жана 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге чоң.

Февралдын аягынан тартып өрттөрдүн ай сайынкы орточо саны байкоо тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Эң чоң жоготууга учураган өлкөлөр:

  • Испания – 380 миң гектардан ашык токой күйүп кетти (бул Люксембургдун аянтынан 1,5 эсе көп).

  • Португалия – 263 миң гектар токой жоголду (Мальтанын аянтынан сегиз эсе чоң).

Өзгөчө кырдаалдан улам дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жардам көрсөтүлүп жатат. Мальтадан барган куткаруучулар Португалиянын жана Грециянын өрт өчүрүүчүлөрүнө кошулуп, өткөн жекшембиде борбордук Португалиядагы Коргас аймагында өрттү өчүрүүгө катышышты.

Евробиримдикте өрт коопсуздугуна кеткен чыгымдар

Евростаттын маалыматына ылайык, ЕБ аймагында жалпысынан 400 миңге жакын өрт өчүрүүчү иштейт. Алардын эң көбү Германияда, андан кийинки орундарда Франция, Польша жана Италия турат.

Эгер эмгек рыногуна салыштырып караганда:

  • эң жогорку үлүш Хорватияда (0,45% кызматкерлер – өрт өчүрүүчүлөр),

  • экинчи орунда Греция (0,41%),

  • эң төмөн көрсөткүч Нидерландда (0,08%).

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар