Элчи Максат Мамытканов: “Тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылган кызматташтык”

               Кыргыз Республикасынын Азербайжан жана Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Максат Сүйүналиевич Мамыткановдун жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитине берген кеңири маеги.

-Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелеринин өнүгүү деңгээли жогору. Президенттердин, тышкы иштер министрлеринин карым-катнашы динамикалуу мүнөзгө ээ. Биздин президент Садыр Жапаровдун расмий сапары учурунда кол коюлган “Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация” бар. Эки боордош өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын масштабын, мүнөзүн жана динамикасын кенен ачып, баяндап берсеңиз?

-Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын деңгээли жана тереңдиги тууралуу сурооңорго кеңири маалымат бириш үчүн тарыхка бир аз көз чаптырып кайрылышыбыз керек.

Бишкек менен Бакунун мамлекеттик деңгээлде өз-ара кызматташтыгы 1993-жылдын 19-январында негизделген. Ал эми эки тараптуу келишимдик-укуктук базанын фундаменталдык документеринин алгачкысы болуп 1997-жылдын 23-апрелинде кол коюлган Достук жана кызматташтык  жөнүндө келишим эсептелет.

1993-жылдан 2022-жылга чейин эң жогорку деңгээлде эки жолу иш-чаралар болгон — 1997- жылдын 23-апрелинде А.Акаевдин жана 2012-жылдын 29-31-март айында А.Атамбаевдин Азербайжанга расмий сапарлары болгон. Ал эми Президент Садыр Жапаровдун учурунда, 2022-жылдын 19-20 апрелинен тартып бүгүнкү күнгө чейин, 3 жылдын ичинде эле эң жогорку деңгээлде 3 расмий жана мамлекеттик сапарлар болуп өттү. Мындан тышкары, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында жана башка биримдиктердин алкагында дагы тынбаган жолугушуулар өтүп жатат.

Ушул 3 жылдын ичиндеги жолушушуулардын саны өзү эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташуунун динамикасын далилдеп турат.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Азербайжандын Президенттери жетектеген экинчи Кеңешменин 2024- жылдын 24-апрелиндеги отурумунун жыйынтыгында, мамлекеттер арасындагы кызматташтык бардык деңгээлдерде ыкчам өнүгүүсүн камсыздаш үчүн өкмөттөрдүн ортосунда өзүнчө “Кызматташуунун программасы” бекитилген.

Азыркы учурда тараптар өзчөгө инвестициялык кызматташтыкка басым жасоодо. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, 2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда 25 млн. АКШ доллары уставдык капиталы менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Ал эми 2024-жылдын 24-апрелинде бул фонддун уставдык капиталын 100 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү чечимин тараптар кабыл алган. Бүгүнкү күнү Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруусу башталып, алгачкы 3 долбоор камсыздоого макулдашылган.

Мындан сырткары, 2023-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана курууга инвестициялар жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Учурда азербайжан тарап Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында мейманкананын курулушун жүргүзүүдө.

Соода тармагындагы кызматташтык тууралуу айтсак, тараптар  эки өлкө ортосундагы өз ара соода-сатык жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган аракеттерди жасап келет.

Мисалы, ушул жылдын 25-апрелинде Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйү ачылды. Азыркы учурда бул Соода үйү толук кандуу ишке кириши үчүн иштер жүргүзүлүүдө. Мындан ары Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйү кыргыз продукциясынын экспортун колдоо максатында туруктуу негизде иштеген аянтча болмокчу.

Ошондой эле, тараптар 2025-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын Баку шаарында өткөрүүгө даярданып жатышат. Бул комиссиянын алкагында инвестиция тармагында маселелер менен катар, өз ара соода тармагындагы маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынмакчы.

Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык дагы жигердүү өнүгүп жатат.

Бул багытта 2022-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында “Кыргызстан-Азербайжан” достук паркынын жана №103 Низами Гянжеви атындагы орто мектептин ачылышы, ошондой эле Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга бүгүнкү Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу маанилүү окуялардан болду.

2024-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Маданият күндөрү болуп өттү. Өз кезегинде, 2025-жылдын апрель айында Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрү өткөрүлдү.

Президенттин демилгеси менен Кыргызстандын атынан Азербайжанга белек катары 200 ашык топоздор жеткирилип келип, оккупациядан бошотулуп кайтарылган тоолу Кельбаджар жана Лачын аймактарынын жайлоолорунда көбөйүп өсүп жатышат.

Ал эми 2025-жылдын июль айында эки мамлекет башчынын катышуусунда Азербайжандын Агдам районундагы Хыдырлы айылында азербайжан элине белек катары кыргыз тарабы курган “Айкөл Манас” атындагы орто мектептин ачылыш аземи болду.

Жалпысынан айтканда, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бардык чөйрөлөрдө динамикалуу жана жигердүү өз ара аракеттенүүлөр жүрүүдө.

Жогоруда айтылгандардын жыйынтыгында 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун  жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Гейдарович Алиевдин Биргелешкен кол коюлган декларациясына ылайык эки тараптуу мамилелер “тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылган” деп аныкталып бекитилгендигин айта кетүү керек.

Ошону менен бирге Кыргызстан жана Азербайжандын боордоштук кызматташтыгы мындан ары дагы жогору деңгээлге чыксын деп болгон иш аракеттер жасалып жатат.

 

-2022-жылы кыргыз-азербайжан өнүгүү фонду түзүлгөн эле. Сиз ошолордон сура дегиңиз келсе да, тышкы саясатта негизги ролду тышкы иштер министрликтери ойной турганын эске алып, бул фонд кандай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатканын сизден билгибиз келет?

 

-Жогоруда айтылып кеткендей, 2022-2024-жыл аралыгында  Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (АКөФ) акча көлөмү 25 миллиондон 100 миллион АКШ долларга өскөнү, эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрү мындан дагы кеңири масштабда экенин көрсөтүп турат.

Бүгүнкү күнү Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун алкагында биринчилерден болуп алгачкы 3 долбоорду ишке ашыруусу башталды.

Ысык-Көлдөгү Түп районунда чакан ГЭС курулуп жатат. АКөФ каржылаган көлөмү 49%,  акчасы 7,45 млн. АКШ доллары;

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниясы куруп жаткан жана элди камсыздоого арналган имараттын салынышына АКӨФ 15,5%  салымын кошту, акчасы 5 млн. АКШ доллар;

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылында кийим тигүүчү фабрикасынын курулушуна АКӨФ 49% салымын кошту, акчасы 0,93 млн. АКШ доллар.

Кыргызстан – Азербайжан биргелешкен фондунун алкагындагы экономикалык кызматташтык өзгөчөлүгүн баса белгилеп кетиш керек. Ал өзгөчөлүк эмнеде?

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун эң чоң өзгөчөлүгү жана айырмачылыгы — бул каржылоонун экономикалык жактан стратегиясы банктардыкындай процент саясаты эмес!

Азербайджандын Президенти Ильхам Алиев өзү айткандай, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондуна азыркы учурга берилген 100 млн АКШ долларынын максаты — боордош Кыргыз элинин экономикасына түздөн-түз проценти жок жардам берүү!

Мындан тышкары дагы, Кыргызстанга жардам катары каржыланып жаткан Фонддун акчалары кайра Азербайжанга кайтарылбай, андан ары жаңы башка заманбап өндүрүшүңөрдү курууга жумшалышы керек деп жатат!

Чыныгы боордош бир-тууган элдин ак-жүрөгүнөн кылган жардамынын далилин ушундан байкасак болот.

 

-Кыргызстан деңизге чыгууга, Европага кошумча транспорттук маршруттарга умтулган өлкө. Бул багытта Азербайжан менен кызматташтыктын перспективалары кандай?

 

-Кыргызстан дүйнөлүк деңиздерге чыгуу жолдору жок мамлекеттердин катарында болгондуктан, транспорттук жана логистикалык жактан географиялык абалынын кесепетинен бир кыйла чектөөлөргө кабылган. Ошого карабастан, Кыргызстан азыркы учурга ылайык, Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, болгон транзиттик шарттарды пайдаланууга умтулуп жаткан кези. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транзиттик темир жолунун салынышы биздин Мекенибизди чоң соода-сатык багыттарга кошулууга шарт түзүүдө. Дүйнөлүк эң чоң экономикалык аймактар Кытай жана Европаны бириктире турган дагы бир жүк ташуучу жол катары “Орто коридор” аттуу долбоор ишке ашырылып жатат. Бул жол барып Каспий деңизинен кийин Кавказдагы Азербайжан жана Грузия аркылуу Кара-Денизге чыгып, андан кийин Европа өлкөлөрүнө жетет. Бирок акыркы Вашингтондогу макулдашуулардан кийин Кавказда дагы бир жол пайда болду.

Ал жолду Азербайжан менен Армения “Трамптын жолу” деп атап дүйнөгө жаңылык жаратышты. Ушул себептен Азербайжандын транспорт жаатында мүмкүнчүлүктөрү дагы бир кыйла жогорулады. Кавказдагы жаңы жолдордун пайда болушу жана Азербайжан менен Кыргызстандын достук мамилелеринин бекемделиши өтө чоң мүмкүнчүлүктөргө шарт берип турат. Азербайжан менен Кыргызстандын транспорт жана логистика тармактарынан тышкары дагы башка долбоорлор кызыктырат. Азербайжан келечекте Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип Каспий деңизи аркылуу “Жашыл энергия” электр кабелин тартуу долбоорун ашырууну баштап жатышат. Андан тышкары, Азербайжан менен Казакстан Каспий деңизи аркылуу Интернет кабельди салуунун долбоору боюнча иш башташып жатышат. Ушундай экономикаларга чоң таасири бар долбоорлорго Азербайжан баш болуп ашырылышы Кыргызстан үчүн дагы келечекте көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

-Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев былтыр 14-февралда инагурацияда “Түрк дүйнөсү – биздин үй-бүлө. Түрк мамлекеттеринин уюму биздин приоритет” деген эле. Ошол эле учурда географиялык жактан Европага көбүрөөк жакын өлкө. Бүгүнкү күндө  Азербайжанга түрк цивилизациясы менен Европа маданиятынын тийгизген таасирине токтоло кетсеңиз?

-Азыркы учурда Азербайжан геосаясий тармакта көп тараптуу мамилелерди жүргүзүүдө. Мындай көп тараптуу стратегиясынын өзөгү — Азербайжандын байыркы убактардан бери географиялык жактан орун алган жери себептүү. Мисалы Бакудан учак менен 3 саатта Стамбулга, Дубайга, Москвага жана Бишкекке жетсе болот. Демек, бардык жактардан карабайлы, Баку азыркы учурда мурунку тарыхтагыдай болгон жолдордун жана байланыштардын так ордосундагы жер. Так ушул себептен дагы Азербайжан жаңы тарых убагында дагы Европа жана Түрк элдеринин цивилизациялары менен кесилишкен жери болуп жатат. Ошондуктан Азербайжан мурунку тарыхтан сабак алып, жаңы мезгилдин талаптарын дагы камтып, Европа жана өнүккөн Батыштын жетишкендиктерине кошумча кылып Азия жана Түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын пайдаланып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, көбөйтүп чоң аракеттерди көрүүдө.

Бул өтө кылдаттык менен жүргүзгөн ички жана тышкы саясатын бир сөз далилдейт, ал “Мультикультурализм” саясаты деп айтылат!

Дал ушундай “Мульткультурализм” саясаты жаңы Азербайжандын бирден-бир жетишкенидиги болуп эсептелет. Азербайжан мамлекетинин ушундай саясаты бардык тармактарга тең таандык, жана бул саясатынын негизинде болуп жаткан иш аракеттердин үзүрүнө, жеңиштерине баарыбыз күбөбүз.

-Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда маданий байланыштарды чыңдоо боюнча кандай иш-чаралар уюштурулууда? Сиздин демилгеңиз менен Бакуда Кыргызстанды даңазалоо, биздин өлкөнүн маданиятын таанытуу боюнча кандай иш-чаралар болжолдонууда?

-Эки бир-тууган Түрк тилдүү Кыргызстан жана Азербайжандын маданий байланыштарынын тарых тамыры өтө терең жана бай. Муруңку убактардан бери биздин элдердин залкарлары Чыңгыз Айтматов жана Бахтияр Вахабзаденин достугу күбө. Экөө тең Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылды. Азербайжанда быйыл 2025-жылы Бахтияр Вахабзаденин 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде Президент Ильхам Алиевдин жарлыгынын негизинде белгиленүүдө. Былтыр 2024- жылдын апрелинде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик иш сапары убагында  улуу кыргыз жана түрк тилдүү элдеринин эң барктуу маданий ишмери Чыңгыз Айтматовго Баку шаарынын эң узун Азаттык проспектинде эстелиги орнотулуп, ачылыш аземи болуп өттү.

Азербайжан драма театрынын сахнасында Чыңгыз Айтматовдун азербайджан тилине которулган “Ана тарла” аттуу спектакли коюлууда. Бишкекте болсо Бакунун “Пантомима театры” спектакль коюп кетти.

Эки мамлекеттин ортосунда “Маданият күндөрү” өтүүдө, биздин маданий чеберлер 2024 — жылы Бакуга келип кетишсе, быйыл 2025 — жылдын жазында Азербайжандын маданият ишмерлери өздөрүнүн жетишкендиктерин тартуулашты.

Жакынкы эле убакта, июль айында Кыргызстандын чоң өнөрчүлөр тобу Лачын шаарына келип концерт жана көргөзмөлөрдү көрсөтүштү.

Кыскасын айтканда, маданий жактан карым-катнаштар абдан кеңейүүдө жана келечекте өз ара жасала турган иш аракеттер көп болжолууда. Эки элдин маданиятын мындан ары жайылтуу үчүн дагы көп чыгармаларды которуп жана басып чыгуу иштери алдыда турат. Бул иштердин келечекте ишке ашыруусу мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу болуп жатат.

-Азербайжанда жашаган кыргыз жарандардын саны болжол менен канча, эмне менен алектенишет?

-Азербайжандын аймагында 1990-жылдары СССР тарагандан кийин, тарыхый мекенине туруктуу жашоо үчүн кайтып келген Кыргыз Республикасынын 500гө жакын жараны жашайт, алар негизинен этникалык азербайжандар. Көчүп келген жарандардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет.

  — Элчилик кыргыз жарандарына кандай негизги консулдук кызматтарды көрсөтүп келет?

— Элчилик консулдук чөйрөдө автоматташтырылган система аркылуу мүмкүн болгон консулдук кызматтарды көрсөтө алат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, жеке кызыкчылыктарын коргоого байланышкан иштерди жасайт. Жарандардын кайрылуулары негизинен консультацияларды суроо жооп иретинде алуу болот, кээ бирде паспорттордун жоголгондугунан, же жараксыз болгондугуна байланыштуу кайрылуулар болот. Кыргызстанга кайтканга күбөлүк алуу боюнча кайрылышат. Андан башка туулгандыгы тууралуу жазуусунан көчүрмө алуу, жеке индентификациялык номер алуу керек болгон учурлар болот.  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортторун тариздөө жана алмаштыруу маселелери боюнча кайрылуулар болот.

Окурмандарга баса белгилеп маалымдап коелу, Азербайжанда биздин Кыргыз жарандары виза жок жүрүү мөөнөтү 90 күн деп бекитилген. Бирок Азербайжанга кирген күндөн баштап, 14 күндүн ичинде жайгашкан, же жашаган жери боюнча “Асан хызмат” кызматы аркылуу каттоодон өтүү зарыл. Каттоодон өтпөгөн жарандарга айып салынат.

-Азербайжандагы элчилик кызматыңызга киришкенден бери кандай негизги демилгелерди ишке ашырдыңыз?

-Азербайжанга Элчи болуп былтыркы 2024-жылдын июнь айында дайындалгандан баштап, дүйнөлүк мааниси бар СОР29 экологиялык саммитке даярдык көрүү маселесине абдан көңүл коюлду. СОР29 саммит аянтына 180 өлкөдөн келчү өкүлдөрдү эмнебиз менен, башкача айтканда, кыргыздардын кайсыл маданият жана руханий баалуулуктарын даңазалай турган өзгөчөлүгүбүз тааныта алат деген суроо абдан ойлонтту.

Кыргызстандын павильону 180 мамлекеттен келген адамдарга эмнеси менен кызык болот жана бизди даңазалаган артыкчылыгыбыз эмнеде деп ойлонуп, Кыргыздардын Боз үйү гана ошондой касиетке ээ деп, чоң аракеттер менен Бишкектен Бакуга алып келип, улуттук павильондо татынакай тигип баарын таң калтырдык. Биздин Боз үйүбүз канча миң жылдан бери өмүр сүрүп келсе да, азыркы убакытка чейин дагы өзүнүн экологиялык философиясын жоготбоптур деп дүйнөнү таң калтырды! СОР29 аяктаганда биздин Боз үй саммиттин бирден бир баалуулугу болуп таанылды. Абдан чоң жеңиш болду!

Жеңиш менен бирге чоң сабак болду десек дагы жаңылбайбыз! Эми болсо Бакуга жана Азербайжандын башка жерлерине Кыргыз боз үйлөрүн жайылтуу менен биздин үрп-адат салттарыбызды таанытуу иштерин улантуудабыз. Аны менен бирге кыргыздардын маданиятына кошумча дагы өзүбүздө өндүрүлгөн улуттук салттуу ичимдиктерди жана тамак-аштарды, соода-сатык саясатыбызды жана экономикабызды өстүрүү максатында иш аракеттерди улантууда көп аракеттебиз.

Айта кетчү нерсе, быйыл апрелде Бакуда ачылган Кыргыз соода үйүнүн дизайнын дагы биздин Боз үйдүн үлгүсүндө жасап өзүбүздүн баалуулуктарыбызды, салттарыбызды Түрк тилдүү мамлекеттерде мындан ары дагы жайылтууга жана таанытууга күч жумшап жатабыз.

 — Дипломатиялык кызматта сизди кандай нерселер шыктандырат? Буга чейин коопсуздук жаатында да иштегенсиз. Бул тажрыйбаңыз дипломатияда кандайча жардам берүүдө?

-Мен үчүн дипломатиялык кызмат жаңы иш тажрыйбасы болуп жаткандыктан, кыска убакыттын ичинде эле шыктандырган нерселер жөнүндө айтыш болбостур. Бирок буга чейинки топтолгон тажрыйбалар абдан жардам берет экен деп айта аламын.

Коопсуздук маселелери менен көп жылдан бери алектенип жүрүп, андан соң саясатта жана мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, кандай гана маалдар болбосун антыбызга бекем болуп, патриот атуулдук сезимибиз убакыт өткөн сайын куурчуп турушу керек экенин сезип турам.

Кесипкөйлүк (профессионализм) кылычтын мизиндей курч болуп, жылдан жылга өсүп күчөп туруш керек экен, ар бир жумушта, же кызматта убакыт өткөн сайын заман өзү тынбай муну талап кылып турат экен.

 

Анара Арзыбай кызы,

“Кыргыз Туусу”

Акыркы гезиттер

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени,...

«Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу ата-энеге кандай жардам берет

           Кыргызстанда балдарды социалдык жактан колдоонун жаңы түрү киргизилгени турат. Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк...

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...