Франция дагы бир саясий кризиске кабылды. Премьер-министр Франсуа Байру жана анын азчылык өкмөтү парламентте болгон ишеним добушунда утулуп, кызматтан кетти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 364 депутат каршы, 194 депутат колдоп чыккан.
Байру кызматта бир жылга жетпей иштеп, өлкөнүн карызын азайтуу үчүн чыгымдарды кыскартуу планын сунуштаган. Бирок анын демилгесин парламенттеги солчулар менен ультраоңчулар биригип четке какты.
Эми президент Эммануэль Макрон татаал тандоонун алдында калды:жаңы премьер-министрди дайындоо, же Улуттук жыйынды таркатуу менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо.
Макрондун администрациясы Байрунун отставкасы шейшемби күнү кабыл алынарын жана анын ордуна жаңы премьер “жакынкы күндөрдө” дайындалаарын ырастады.
Франция акыркы эки жыл ичинде буга чейин эле эки жолу убактылуу өкмөт менен башкарылган: 2024-жылы июль–сентябрь айларында Габриэль Атталдын жана декабрда Мишель Барньенин өкмөттөрү отставкага кеткенден кийин.