Ар бир окуу жылынын башталышы менен жогорку окуу жайлардын мыкты студенттери үчүн көптөн күткөн жаңылыктардын бири — Президенттик стипендияга талапкерлерди кабыл алуу жарыяланат. Бул стипендия жөн гана акчалай колдоо эмес, бул — бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлдеги эң жогорку баа, өжөр эмгек менен келечекке болгон ишенимдин сыймыктуу жыйынтыгы. Ал жыл сайын билим, илим жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жүздөгөн студенттер арасынан тандалган аз сандагы мыктыларга гана ыйгарылат.
Жалпысынан жыл сайын Кыргызстандын ар кайсы жогорку окуу жайларынан 300дөн ашуун студент документ тапшырат. Анын ичинен 70–100 студент гана Президенттик стипендиянын ээси болууга жетишет. Бул стипендия — GPA көрсөткүчүнөн баштап, коомдук жана илимий активдүүлүккө чейинки кеңири талаптарды камтыган, атаандаштык күчтүү сынактын негизинде берилет. Ал эми бул стипендиянын ээси болуу — болочок адистин кесиптик жолундагы алгачкы жеңиши, ишенимдүү кадамы катары бааланат.
Жакында эле кайрадан 2025–2026-окуу жылы үчүн Президенттик стипендияга кабыл алуу башталды. Бул мүмкүнчүлүккө ээ болууну эңсеген жаштар үчүн убакыт аз, талап жогору. Бирок бул мүмкүнчүлүктүн ачкычы — аракет, тынбаган эмгек жана так даярдык.
Бул ирет биз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үч бүтүрүүчүсү — Алина Жолчуева, Алина Сапарбекова жана Алтынай Нурдинованын Президенттик стипендияга жетүү жолундагы тажрыйбасын баяндап беребиз. Алар өздөрүнүн ийгилигинин сырлары менен бөлүшүп, азыркы студенттер үчүн жол көргөзүүнү максат кылышат.
Алина Жолчуева: “Апамдын ишеними мени шыктандырды”
Алина Жолчуева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орус тили жана адабияты бөлүмүнүн 2024-жылкы бүтүрүүчүсү. Анын Президенттик стипендияга ээ болуу окуясы балалык кыялынан башталган:
“Мен мектепте окуп жүргөндө Президенттик стипендия тууралуу көп угар элем. Телевидениеден сыйлык тапшыруу аземдерин көрүп, өзүмдү ошолордун катарында элестетчүмүн. Бул кыялымды ишке ашыруу үчүн көп аракет жасадым. Университетте жакшы окуп, коомдук иштерде активдүү болууга тырыштым”.
Стипендияга тапшыруу учурунда кыйынчылыктар да болгонун, документтерди топтоого болгону бир күн убакыт берилгени чыңалуу жаратканын жана аны топтоо үчүн чоң даярдык керек экендигин кошумчалады:
“Стипендияга тандалып алынганым тууралуу кабарды укканда, алгач ишенген жокмун. Бул сүйүнүчтүү жаңылыкты студенттик бөлүмдөн угуп, дароо апама сүйүнчүлөдүм. Апам ар дайым мага ишенип, колдоо көрсөтчү. Бул кубанычты аны менен бөлүшүү мен үчүн өзгөчө маанилүү болду.”
Алинанын айтымында, Президенттик стипендия үчүн академиялык жетишкендиктер гана эмес, коомдук иштердеги жигердүүлүк дагы абдан маанилүү.
“Аракет, эмгек, дисциплина дайыма маанилүү. Илимий макаланы кантип жазам деп, а бирок жазбай отура бербестен, кагазды алып, башташ керек. Баштап алган соң калганы ишке ашат. Эң негизгиси башташ керек. Мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбагыла. Ал мүмкүнчүлүк кийин келбей калышы мүмкүн. Керектүү китептерди көп окугула”,- деген кеңешин берди.
Алина Сапарбекова: “Эркимдин күчү ийгиликке жеткирди”
Экономика жана башкаруу факультетинин финансы жана кредит бөлүмүн бүтүргөн Алина Сапарбекова Президенттик стипендияга 3-курстан баштап кызыга баштаган: “Талаптар менен таанышып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Мен абдан тырышчаак студентмин, коомдук иштерге жана окууга көп убакыт бөлчүмүн. Замира Өскөнбаева деген мугалимимдин колдоосу чоң болду. Эжейдин: «Өз күчүңдү сынап көр. Эгер өтпөй калсаң, эч нерсе болбойт», – деген сөздөрү мени шыктандырды”, — деди ал.
Стипендияга ээ болуу кыялдары менен байланышкан окуяларды эстегенде, Алина студенттик жылдардын кыйынчылыктарына токтолду:
“Бир убакта илимий макала жазуу ишин таштап койгом, анткени аны кантип туура жазуу керектиги тууралуу маалыматым жетишсиз болчу. Бирок кайраттандым, максатымдан баш тартпадым. Ошентип, акыры, Президенттик стипендиянын ээси да болдум.”
Алина муну менен катар бир нерсени жасоо, ишке ашыруу үчүн атайын убакыт-сааты келбейт экендигин, баардык нерсени эртең эмес, дал азыр баштоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.
Алтынай Нурдинова: “Макалаларым алдыга сүрөдү”
Алтынай Нурдинова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Журналистика бөлүмүнүн 2024-жылкы бүтүрүүчүсү. Ал Президенттик стипендияга татыктуу болуу үчүн илимий макала жазуу, коомдук иштерге катышуу жана журналистика тармагында активдүү болуу менен ишенимдүү кадамдарды жасаган:
“Мен 2-курстан баштап эле университеттин студенттик газетасында иштеп, макалаларды жазып баштагам. Андан кийин башка басылмаларга да өз ишимди жарыялап, илимий изилдөөлөрүмдү жигердүү жүргүздүм. Бул аракеттер менин ийгиликке жетүүмдүн негизги себептери болду.”
Алтынай студенттерге максат коюп, аракет кылуудан баш тартпоо керек экенин баса белгиледи:
“Өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңө ишенип, аракет кылуу эң башкысы. Президенттик стипендия – бул сенин эмгегиңдин жыйынтыгы. Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда кандай айырма бар десеңиз, бир эле айырма бар. Ал — эрк. Эрктүү адам ийгиликке жетет. Эч кимге өзүңөрдү салыштырып, өзүңдөрдү төмөн баалабагыла. Өзүңөрдү артка тартпашыңар керек. Анан убакытты туура колдонуу маанилүү”,-дейт ал.
Президенттик стипендияга кантип тандалат?
Президенттик стипендияны алуу үчүн бир катар талаптар коюлат.
- GPA (орток баа баллы): Академиялык жетишкендик негизги көрсөткүч болуп саналат. Кыргызстандын баалоо системасы боюнча баардык баа жалаң “5” болуусу абзел. “4” деген баа жалпы баалоонун 5-10% ын гана түзүүсү керек. Андан көп болсо, стипендия ээси болбой калууга ыктымалдуулук жогору.
- Коомдук иштерге катышуу: Университеттеги жана коомдогу иш-чараларга активдүү катышып, сертификаттарды топтоо зарыл. Президенттик стипендияга сертификаттарды тиркөөдө окуу жылынын акыркы 2 жылы гана каралат. Мектептеги, 1-2-курстагы ийгиликтер жараксыз болуп эсептелет. Сөзсүз түрдө жетишкендиктерди тастыктоо үчүн алардын үлгүсү керек.
- Илимий макала жазуу. Ар түрдүү илимий конференцияга катышып, илимий тилдеги макала жазуу керек. Ал жөн гана жазылып калбастан, кайсыл бир газета, сайтка же жыйнактарда жарык көрүүсү шарт.
Кимдер катыша алат?
Жогорку окуу-жайынын активдүү, өзүнө ишенген, ийгиликтерди жараткан 3 жана 4-курсунун студенттери катыша алат. 3-курста тапшырып өтпөй калса, 4-курста дагы кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, 3-курста дагы, 4-курста дагы бир эле студенттин кайра-кайра сыйлыкты алуусу мүмкүн эмес. Себеби, студенттик жылдарында бир студент бир гана жолу алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Сынакка кабыл алуу качан башталат?
Аталган сыйлык Республикалык деңгээлде болгон үчүн ар бир окуу жылынын башында бардык жогорку окуу-жайларына “кабыл алуу” жарлыгы жөнөтүлөт. Сынакка талапкер болуу окуу жылынын башында башталып, күзгү семестр аяктаганга чейин жыйынтыгы маалым болот. Сыйлоо аземине 1 жума калганда, жеңүүчүлөрүнө айтылат.
Маанилүү:
Адатта сынакка талапкер болуу үчүн жана керектүү документтерди топтоо үчүн бир гана күн берилет. Белгиленген мөөнөттө тапшырууга жетишпей калган студенттердин документтери каралбайт жана кабыл алынбайт. Андыктан, катышууну көптөн бери каалап жүрсөңүз, баардык керектелүүчү документтерди алдын ала даярдап койгонуңуз – эң туура чечим.
Ар жылы Президенттик стипендиянын ээлери акчалай сыйлык менен биргеликте аны тастыктоочу мактоо баракчаларына ээ болушат. Стипендиянын өлчөмү ар окуу жылында ар түрдүү. 2022-2023 – окуу жылында 75 студенттин ар бирине 60 000 сом өлчөмүндө стипендия ыйгарылса, 2023-2024 – окуу жылында 90 студенттин ар бирине 60 000 сомдон тапшырылды.
Бул үч бүтүрүүчүнүн окуясы өжөрлүктүн, өзүнө болгон ишенимдин жана кыялдарды ишке ашыруунун үлгүсү болуп саналат. Алардын басып өткөн жолу, жараткан ийгилиги аркылуу ар бир студент шыктануу менен өз келечегин курууга багыт ала алат. Кыялдар – ийгиликтердин башаты, ишенүү – бул жеңиштин алгачкы кадамы. Ага өжөрлүк жана аракетти кошсоңуз, сөзсүз максатыңызга жетесиз. Ийгилик, сага студент! Ийгилик, сага окурман!
Сезим МУКАНБЕТ кызы,
Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

