Бүгүн, 20-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо IV эл аралык «Мейкин Азия» популярдуу музыка фестивалы салтанаттуу түрдө башталды.
Фестиваль быйыл Азия жана Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн келген таланттуу артисттердин жана белгилүү аткаруучулардын башын бириктирүүдө.
Мейкин Азия” фестивалы — бул музыка аркылуу элдердин достугун жана маданий диалогду чыңдоого багытталган өзгөчө иш-чара. Фестивалда концерттер, мастер-класстар, маданий иш-чаралар жана башка кызыктуу программалар камтылган.
Биринчи күндүн программасында кыргызстандык ырчылар: Трио Номад Бек, Азат, Минжашар, Нурила, Жийдеш Идирисова, Тамга жана Баястан, ERA, Bakr, Freeman 996 жана JAX ырдашат.
Иш-чара үч күнгө созулат.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Мейкин Азия» коомдук фонду уюштурууда.

