Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨКМ: Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-майда шашылыш билдирүү таратып, өлкөнүн айрым тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, 11-майда республиканын тоолуу аймактарында, ал эми 12-майда Ысык-Көл облусунун тоо этектериндеги айылдарында туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жаткандыктан, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды этият болууга чакырып, өзгөчө кырдаалдарга туш келсе, дароо 112 кыска номерине кабар берүүнү эскертти. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Эске салсак, өткөн жылдары жаз айларында өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында сел жүрүп, адамдар жабыркап, тургундардын мүлкү жарактан чыккан учурлар катталган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар