whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУкраина Киев облусуна дрон чабуулу болгонун билдирди

Украина Киев облусуна дрон чабуулу болгонун билдирди

11-майдын таңында Орусия Украинанын Киев облусун согуштук дрондор менен аткылаганын облустук аскердик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, абадан коргонуу системалары айрым учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө жетишкен.

Жарандык инфраструктурага олуттуу зыян тийген жок. Бирок Бровары районунда 71 жаштагы тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилгени, ал эми Обухов районунда беш турак үй жабыркаганы айтылды.

Мындан бир күн мурун, 10-майда Германия, Франция, Польша жана Улуу Британия лидерлери Украинаны колдоп, атышууну 30 күнгө токтотууну сунуштаган. Алар орус президенти Владимир Путин мындай сунуштан баш тартса, жаңы санкциялар киргизилерин эскертишкен.

АКШ президенти Дональд Трамп да 8-майда Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндөн кийин ок атышууну токтотууга чакырып, мунаса болбосо Вашингтон жана анын союздаштары жаңы санкцияларды караарын билдирген.

11-майда Путин бул сунушту четке кагып, атышууну токтотуунун ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, жолугушуу 15-майда Стамбулда болушу мүмкүн экенин айтты.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар