Башкы беткеСаясат жана коомКоомКамчыбек Ташиев милиция кызматкерлерине акчалай сыйлык тапшырды

Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерине акчалай сыйлык тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

26-апрелде ал кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир саатын өз мекенине кызмат кылууга арнап, Кыргызстан үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү», — деди Ташиев.

Соңунда УКМК төрагасы патрулдук милициянын 5 кызматкерине акчалай сыйлыктарды тапшырганы айтылат.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар