Акын Алтынбек Исмаилов ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисине татыды. Бул тууралуу акын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан кабарлады.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисин аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды.
Мындан тышкары, Алтынбек Исмаилов Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союзуна ардактуу мүчө болду.
Акындын алгачкы “Таш күзгү” аттуу поэтикалык жыйнагы 2008-жылы жарык көргөн. Ырлары азербайжан, англис, башкыр, грузин, казак, кытай, түрк, түркмөн, өзбек жана орус тилине которулган. Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү Мевлана Желаледдин Руми менен Юнус Эмренин ырларын түркчөдөн кыргызчага которуп, өзүнчө китеп кылып чыгарган.
А. Исмаиловдун тил, адабиятка байланышкан илимий макалалары эл аралык жана жергиликтүү газета, журналдарга жарыяланган. 2005-жылы Крымда өткөн «Түрк калктарынын эл аралык VI поэзия фестивалынын», 2006-жылы Астана шаарындагы чыгармачыл жаштардын эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын, 2007-жылы Түркияда өткөн IX Эл аралык поэзия фестивалынын дипломанты болгон.
2007-жылы Мевлана Желаледдин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган Республикалык мелдештин баш байге ээси, 2008-жылы Республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты, 2011-жылы Кыргыз Радиосунун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн Акындык өнөр боюнча «Таланттар таймашы» уктуруусунун жеңүүчүсү деп табылган. 2015-жылы Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган “Беш акын” теледолбоорунун баш байгесине татып, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” жана Республикалык Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлы, ал эми 2022-жылы Түркия Жазуучулар союзунун Сезайи Каракоч атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган.

