Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан менен Татарстан энергетикада кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Татарстан энергетикада кызматташууну күчөтөт

Казань шаарында өткөн “Энергопром” форумунун алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов жолугушуу өткөрдү.

Энергетика министрлиги билдиргендей, тараптар энергетика, өнөр жай жана техникалык билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча адистердин тажрыйба алмашуусу жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Маалыматка ылайык, учурда Татарстандагы жогорку окуу жайларда 340 кыргызстандык студент инженердик жана техникалык багыттар боюнча билим алууда. Бул көрсөткүчтү мындан ары көбөйтүү пландалууда.

Министр Таалайбек Ибраев белгилегендей, кыргыз адистери Татарстандагы ири энергетикалык жана өндүрүш объекттеринде тажрыйба топтошууда. Бул кызматташтык энергетика, машина куруу, химия жана экология тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөр жай, билим берүү жана технологиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган диалогду улантууну макулдашты.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар