Башкы беткеРубрикаларАймактарКыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу жолугушуулар өттү

Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу жолугушуулар өттү

Биринчи жолугушуу Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» чек ара бекетинде өтүп, Баткен жана Исфара багытындагы өкүлдөр катышты. Экинчи жолугушуу «Кайрагач-автожол» өткөрмө пунктунда өтүп, Лейлек жана Ганчи тилкелеринин өкүлдөрү жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек арачылардын жүрүм-туруму боюнча практикалык машыгуулар өткөрүлүп, 2026-жылга карата кызматташуу планы такталып, биргелешкен кайгуулдардын мөөнөттөрү макулдашылды. Чек ара кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Тараптар мамлекеттик чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо боюнча даяр экенин билдиришти.

Расмий бөлүктөн кийин мини-футбол жана стол тенниси боюнча достук мелдештер уюштурулду.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар