Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаҮрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя бериле баштады

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя бериле баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үрөнчүлүк жана питомник чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген насыялар 3 пайыздык чен менен 36 айга чейинки мөөнөткө берилет.

Каражаттар үрөнчүлүк чарбаларына 60 пайыздан, питомник чарбаларына 40 пайыздан кем эмес өлчөмдө бөлүштүрүлөт.

Берилген каражаттар үрөн жана көчөттөрдү сатып алуу, жогорку сапаттагы продукцияны өстүрүү, ошондой эле тазалоо, иштетүү жана отургузуу боюнча заманбап жабдууларды алууга багытталат.

Мындан тышкары, каржылоону ислам принциптерине ылайык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Долбоорго катышууну каалаган үрөнчүлүк жана питомник чарбалары «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» филиалдарына кайрылып, тиешелүү маалымат ала алышат.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар