Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстанда чоңдор үчүн акысыз IT-мектеп ачылат

Кыргызстанда чоңдор үчүн акысыз IT-мектеп ачылат

Кыргызстанда чоңдор үчүн акысыз IT-мектеп 2026-жылдын июль айында ишин баштоону пландоодо. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Долбоор Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Сбербанк компаниясынын башчысы Герман Греф ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылууда. Максаты — санариптик экономика үчүн адистерди даярдоо.

Окуу борбору №99 маалымат технологиялар кесиптик лицейинин базасында жайгашат. Студенттер үчүн эки ири объект даярдалууда:

  • Практикалык иштер үчүн 2 миң чарчы метр аянттагы имарат,
  • Жатакана үчүн 1 миң  чарчы метрден ашык окуу корпусуна.

Учурда лицейдин аймагында реконструкция иштери жүрүп жатат. Аны Кыргызкурулуш жүргүзүүдө. Имараттар заманбап IT-кампустун талаптарына ылайык толугу менен жаңыланат.

Агартуу министрлиги долбоордун укуктук базасын да даярдап бүттү. Мурдагы документтер айрым эскертүүлөрдөн улам кайра иштелип чыккан, азыр болсо тиешелүү мекемелер менен макулдашылып, акыркы бекитүүгө жөнөтүлдү.

Бул мектеп кыргызстандыктарга акысыз негизде эл аралык стандарттарга ылайык IT-билим алууга шарт түзөт. Натыйжада өлкөдө санариптик сабаттуулук жогорулап, квалификациялуу кадрлардын саны көбөйөт.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар