Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖОЖ ректорлоруна талап өзгөрүшү мүмкүн

ЖОЖ ректорлоруна талап өзгөрүшү мүмкүн

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлардын ректорлоруна коюлган талаптарды жеңилдетүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Бул демилгенин негизги максаты – аталган кызматтарга жаш, келечектүү адистерди тартуу. Долбоорго ылайык, улуттук макамга ээ ЖОЖдордун ректорлору үчүн илимдин доктору даражасы милдеттүү болбой калат. Мындан тышкары, бардык университет жетекчилери үчүн окумуштуулук наамдын болушу тууралуу талапты алып салуу да сунушталууда.

Документтин авторлорунун айтымында, азыркы шартта жогорку окуу жайдын жетекчиси биринчи кезекте стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуп, күчтүү башкаруучулук сапаттарды көрсөтө билиши жана билим берүү тармагындагы мыйзамдарды терең түшүнүшү зарыл.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар