Башкы беткеМаанилүүЗайнидин КУРМАНОВ: “Кытай аксакалдык ишин аткарып жатат”

Зайнидин КУРМАНОВ: “Кытай аксакалдык ишин аткарып жатат”

23-июлда Кытайдын Тяньцинь шаарында “ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы цивилизациялар диалогу-2025” эл аралык иш-чарасы болуп өттү. 300дөн ашык өкмөттүк ведомстволордун, аналитикалык борборлордун, маданият, искусство, билим берүү жана башка тармактардын өкүлдөрү катышкан бул иш-чарага КРнын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин КУРМАНОВ катышып, сөз сүйлөгөн. Бул иш-чаранын мааниси боюнча ал бизге буларды айтып берди.

–  Негизи ШКУга ар кандай цивилизациялары бар көп өлкөлөр кирет. Ал жерде Россия, Беларусиянын славян цивилизациясы, Ислам, Индия, Кытай жана башка көп цивилизациялар бар. Евробиримдикте болсо ШКУга салыштырмалуу бир эле христиандык цивилизация бар. Ошол себептен бул биримдиктин иши ийгиликтүү болуп, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн баары христиандык цивилизация иш алып барышат. Ошонун негизинде буларда экономикалык, саясий жана башка багыттарда узак мөөнөттүү ийгиликтер, гармония бар. Мына муну демократияны пропагандалоо десек болот. Тагыраагы, авторитардык режим жок. Ал эми ар кандай цивилизациялуу Азияда, ШКУда жалпы баалуулукка, келечекке, дүйнөгө карата бирдей көз карашка жетүү өтө татаал. Анткени, бул жерде ар кандай партиялар, ар кандай идеологияны жүргүзгөн саясий күчтөр бар. Консерванттар, либералисттер, улутчулдар, социалдар, социал-демократтар жана башкалар көп. Анан бул аймакта буддизм, ислам, христиан, ошол эле атеизм да бар. Кыскасы, диний, идеологиялык көз караштан алганда буларды бириктирүү кыйынга турат. Анын үстүнө бул жерде ар түрдүү улуттар да көп. Анын баары ШКУ арабасын өз тарабына тарткысы келет. Ушундай шартта ШКУну түзүү демилгечиси болгон Кытай модератор болуу жоопкерчилигин өзүнө алып жатат. Кытай азыр эң бай, эң ийгиликтүү өлкө катары идеологиялык, маданий, экономикалык жактан Американы кууп жетти. Жакында бул өлкө адамзат тагдырын тескеген, башкы башкаруучу ролундагы Американы алмаштырат. Американын демократиялык идеологиясы – адам укугу, эркиндиги. Мындай демократиялык идеология бардык өлкөлөргө, анын ичинде бизге да жагат. БУУну түзүү, саясий партиялар, парламенттер, көз карандысыз судьялар, жарандык коом, жарандардын жеке эркиндиги, индивидуализм жана башкалардын бардыгы Европадан келген баалуулуктар. Бирок, ушул баалуулуктар баарына эле жакпайт, жарабайт. Анткени, Азия элдери чыгыш-батыш, жана чыгыш цивилиязациясы менен жашашат.

Эмне үчүн батышта индивидуализм, а бизде коллективизм? Себеби, биз жакта климат ысык. Дыйкан жер иштетиш үчүн коллективде, жамаатта жашаш керек болгон. Алар биримдикте гана жер иштетип, түшүм алып, сатууга мүмкүнчүлүк ала алышкан. Европада болсо мелүүн климат болгондуктан ири каналдарды курбай эле ар ким өз-өзүнчө айыл чарбачылыгы менен алектенүүгө шарт түзүлгөн. Ошол себептен Европада жеке менчик жерлер пайда болгон. А чыгышта жеке менчик үлүш пайда болбой, көбүнесе коллективдик өндүрүштөр уюшулган. Эмне үчүн биз урук, уруу болуп жашап жатабыз? Анткени, жашоо образыбыз, алектенген ишибиз ошого алып барган. Кийинки эле мезгилди алсак, жерлерди дыйкан чарбаларга бөлүп салдык эле натыйжасы жакшы болбой калды. Түштүктө гана илгертен жер менен келе жатышкандыктан айрым фермерлер ишин жылдырып кетишти. А түндүктө болсо сууктан, кургакчылыктан улам жер иштетүү анча жакшы болгон жок. Ошондуктан биздин чарбачылык тибибиз коллективизмге негизделген жана биздин баалуулук – адам укугу эмес, жамаат укугу. Чыгышта мамлекет батыш шартындагыдай адамга бардык ыңгайлуулукту, шартты түзүп берип, аны кайтара турган сакчы эмес. Бизде мамлекет башкы оюнчу. Ошондуктан 30 жыл бою биз демократияны кура албай, артка кетип жатабыз. Анткени реформалар шартында башкаруунун эң жакшы формасы бийликти борборлоштуруу экенине көзүбүз жетти. Кимдир бирөө буйрук берсе башкасы аткарат. Башкача, айтканда Кытай варианты. Батыштагыдай бир чечим кабыл аларда талашып-тартышып, талкуулап отурганга болбойт. Анда убакыт өтөт. Ким анда ачкачылык, жакырчылык, артка кетүү менен ким күрөшөт?

Кытайлыктар мунун баарын түшүнүшүп, эч кандай талкуу, дебаттарсыз, парламент, жарандык коомсуз эле 30 жыл ичинде буга чейин кандай жасап келишсе, ошондой иштешти. Ошентип  XIX кылымга чейин Кытай эң бай өлкө болгон. XIX, XX кылымдарда коммунисттер, батыш кийлигише баштаганда Кытай экономикасы болуп көрбөгөндөй кургуйга түшкөн. Мао Цзэдун өлгөндөн соң Ден Сяопин бийликке келгенде “Кара мышыкпы, сары мышыкпы, кыскасы ал пайда алып келсе болду” деген прагматикалык саясат жүргүзгөн. Ошентип ал өндүрүш каражаттарына жеке менчик укугун киргизүү менен кооперативдик чарбалардын, эркин сооданын, капиталисттик түзүлүштүн өнүгүшүнө басым жасады. Эми минтип жарым капиталисттик, жарым социалисттик Кытай азыркы бийик деңгээлге жетип отурат. Келечекте Кытай дүйнө лидери болсо, анын өз айланасына дүйнө жүзүн бириктире турган идеологиясы болуш керек. Ошондуктан кытайлыктар “Жалпы тагдырдын идеологиясы” аталган келечек образын тартты. Ага ылайык бирөөнүн ишине бирөө кийлигишүүгө акысы жок, ким өз каалаганындай нерсени курат. Бирөөнүн бирөө менен достошуп, союз түзүшүнө эч ким буйрук кыла албайт. Ага карабай Батыш, Америка, Россия ар кимге андай кылгыла, мындай кылгыла деп өкүмзордугун кылып жатат. Демократияны курабыз деп 30 жыл ичинде Кыргызстанда анархия, баш-аламандык, өндүрүштүн кыйрашы, уурулук, бандитизм, криминалитет жана башкалар күчөдү. Ошон үчүн Кытай демократияны курууга акылыңар жетпесе, убакытты текке кетирбей экономиканы көтөрүүгө аракет кылгыла деп жатат. Ушундай идеологияны Кытай БУУга киргизип, БУУда бекитти. Аксакал катары Кытай дүйнө жүзүн тынчтыкка чакырып, бириктиргенге аракет кылып жатат. Бул жөн эле кезектеги фермерлер жыйыны эмес, терең маанилүү окуя. Трамп да муну түшүнүп элди тынчтыкка чакырып жүрөт. А биз дагы деле түшүнбөй жатабыз.

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар