Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨлкөнүн энергетика тармагына салым кошуңуз

Өлкөнүн энергетика тармагына салым кошуңуз

Кыргызстанда жайкы ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Мындан улам энергетика министрлиги калкты жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда электр энергиясын керектөө жогорку чекке жетип, эң көп колдонуу Бишкек шаарында катталган. Мындай көрүнүш буга чейин Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Министрлик электр энергиясын колдонуунун бул рекорддук көрсөткүчкө жетүүсүн аба ырайынын катуу ысышы менен калк электр энергиясын ченемден ашык колдонушу менен байланыштырган.

Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр июлда катталып, суткалык керектөө 38,8 млн. кВтс түзгөн. Ал эми быйыл 24-июлда суткалык керектөө 44,7 млн кВтс жетти. Бул – мурунку жайдагы рекорддон 15,21 пайызга көп. Ал эми Бишкекте суткалык керектөө 8,9 млн. кВтс түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,8 пайызга көп болгон.

Негизи эле жай мезгилиндеги керектөөнүн көлөмү жогорулап, жыл сайын рекорддук чекке жетип атат. Кышында жарыксыз калбаш үчүн электр энергиясын азыртадан үнөмдөшүбүз керек. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

“Негизинен Борбор Азияда жайкысын электр энергиясын колдонуу боюнча өсүү байкалууда. Себеби, аймакта быйыл аба ырайы өзгөчө ысык. Мисалы, кошуна мамлекеттерде да электр энергиясын кышкы колдонууга караганда жайкы колдонуу өсүүдө. Ал эми Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун жогорулашы менен экономиканын өсүшүн байкасак болот. Бул элдин жашоо-турмушу жакшыргандыгынын белгиси. Азыр айыл жеринде да ар бир үй салган адам үйүнө суу жылыткыч, кир жуугуч машине сыяктуу тиричилик техникаларын кеңири колдонушууда. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонуп жатат”, – деди министр.

Министр электр энергиясы жетиштүү экенин, бирок үнөмдөө зарыл экенин айтты.

Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө – ар бир жарандын жоопкерчилиги экендигин Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ашыкча чыгымдардан алыс болуу, тартип жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу — ар бир кыргызстандыктын милдети. Энергияны сарамжалдуу пайдалансак — өзүбүзгө да, өлкөбүзгө да пайда. Жоопкерчиликтүү бололу, электр жарыгын үнөмдөйлү», – деди Д.Орунбеков.

Адистер бара-бара жай мезгили менен күн сууктагандагы электр энергияга болгон керектөө теңелип калышы мүмкүн экенин айтып келишет. Калктын санынын өсүшү, технологиялардын кеңири колдонулушу жана климаттын өзгөрүшү менен энергияга болгон муктаждык да өсүүдө. Андыктан  электр энергияны үнөмдөө – бул ар бирибиздин жоопкерчилигибиз жана келечекке болгон салымыбыз.  Мындан улам энергияны үнөмдөө үчүн төмөнкү кеңештерди эске тутуп алсаңыз болот.

Энергия үнөмдөөчү лампаларын колдонуңуз. Кадимки лампаларды энергияны үнөмдөөчү LED лампаларына алмаштырыңыз. Алар энергияны аз сарпташат жана колдонуу мөөнөтү көбүрөөк болот. Үйдү жарыктандыруу үчүн электр энергиясын 50%га чейин үнөмдөөгө болот.

Энергияны үнөмдөөчү приборлорду колдонуңуз. «А» жана андан жогору энергияны сарптоочу тиричилик техникаларын сатып алыңыз.

Кондиционерлерди тазалоо жана тейлөө. Кондиционерлердин чыпкаларын өз учурунда тазалап, тейлөөдөн өткөрүү жабдуунун натыйжалуу иштешине жардам берет. Кондиционер иштеп турганда терезе, эшиктерди жабыңыз. Эгерде кондиционер терезе же эшик ачык бөлмөдө иштеп жатса, электр энергиясы текке кетүүдө.

Телефон кубаттандыруучу түзүлүштөрдү өчүрүп туруңуз. Электр энергиясын керексиз колдонулбашы үчүн телефон кубаттандыруучу түзүлүштөрдү электр туташтыргычтарынан өчүрүп туруңуз.

Электр приборлорун токтон ажыратыңыз. Адистердин илик-төөсүндө, компьютер же башка үйдө колдонуучу тиричилик техникалар иштебей турганы менен алардын зымдары токко уланып турат, муну менен электр кубаты кеткен жок деп түшүнүү туура эмес. Ошондуктан, электр жарыгын сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштебей турган учурда да толук кандуу зымдарын сууруп коюу талапка ылайык.

Бул жөнөкөй иш-чараларды күнүмдүк жашооңузга киргизүү энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга алып келет. Бул кадамдар энергияны үнөмдөөгө гана жардам бербестен, электр энергиясына болгон төлөмдөрдү азайтууга да жардам берет.

Бөлмөдөн чыгып жатып жарыкты өчүрүп, керексиз шаймандарды өчүрүү менен биз эртеңки күнүбүздүн жаркын келечегине биринчи кадамды жасайбыз. Энергияны үнөмдөө бул жөн гана эрежелердин жыйындысы эмес, бул биздин өлкөнүн энергетика тармагын сактап калууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүбүз.

Наргиза КОЗУБАЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар