whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАлмаз КАЙЫРБЕКОВ: “Халалды чаптап, алдоочулук болуп жатат”

Алмаз КАЙЫРБЕКОВ: “Халалды чаптап, алдоочулук болуп жатат”

Окурмандардын эсинде болсо, гезитибиздин өткөн сандарында “Халалдын баары адал эмес” деген макалаларды жарыялап, ага толуктоо катары Халал-индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз КАЙЫРБЕКОВдун маегин берүүнү убада кылганбыз. Аталган борбордун жетекчиси биздин айрым суроолорубузга жооп берди. 

– Алмаз Дамирбекович, акыркы кезде Кыргызстанда халал маркиравкасы басылган товарлар, азык-түлүктөр көбөйдү. Ошол эле кезде коомчулукта өлкөдө товардын адалдыгын аныктай турган атайын лаборатория жок экени жана адал маркировкасын халал сертификатын берүүчү органдар дыкат текшербей туруп басып бере берет экен деген пикирлер айтылат. Мунун канчалык чындыгы бар?

– Өзүңүздөр билгендей 2024-жылы Кыргызстан мурунку постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп адал-индустрия боюнча мыйзам кабыл алган. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына, президентибизге ыраазычылык билдирсек болот. Буга чейин биздин өлкөдө адал сертификатын берген жеке менчик бир нече борбор болгон. Ошолорду биз анализдеп, 2023-жылы атайын концепция иштеп чыгып, ошонун негизинде иш алып барганбыз. Эми бул мыйзамга адал сертификатын берген жеке менчик борборлор тиешелүү мамлекеттик органдар жана Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы менен биргеликте адал сертификатын берсин деген эреже киргизип жатабыз. Негизинен биздин Халал-индустриясын өнүктүрүү борборунун негизги милдети – ошол борборлордун башын бириктирип, адал сертификатын берүүнү, алууну тартипке алып келүү. Тагыраагы, мурда ишкерлер адал сертификатын өз ыктыярлары менен жеке менчик борборлордон алып келген болсо, эми мыйзамга ылайык алар сертификатты кайдан, эмненин негизинде, качан алганын тастыктап бериши керек. Ошондой эле биз №741 “Адал жөнүндө тартип” токтомун бекиттик. Токтомдо биздин мекеменин алдында адал сертификатын алган мекемелердин реестри түзүлөрү каралган. Башкача айтканда, бардык халал продукция чыгарган мекеме жетекчилеринин аты-жөнү, компаниянын дареги, продукциясынын аталышы, курамы, адал сертификатын кайдан алгандыгы тууралуу маалыматтар санариптештирилип, ушул реестрге чогултулат. Бул иш азыр тесттик режимде аткарылып жатат. Буюрса жыл аягында жыйынтыкталат. А лабораторияларга келсек, азыр Кудайга шүгүр бизде да эттин адалдап союлган малдыкы  экенин аныктап бере турган жакшы лабораториялар ачылып жатат.

А маркировкага келсек, ал боюнча да иш жүргүзүп, бир логотип иштеп чыктык. Мыйзамга ылайык бардык товарларда бирдей логотип жана анын жанында QR код да болот. Сатып алуучу ал QR код аркылуу мал кайсыл жерден алынып, кандай союлганы, адал сертификатын кайсыл мекеме бергени тууралуу маалыматтарды ала алат. Бирок, муну ишке ашыруу оңой эмес экен. Бул ишти азыр «Түндүк», «Кызмат» мамлекеттик мекемелери, аймактык лабораториялар, мал союучу жайлар, ветеринардык инспекциялар менен биргеликте, мыйзам чегинде ишке ашыралы деп
турабыз.

– Бизге азыр сырттан халал маркировкалары бар түрдүү азык-түлүк продукциялары келип жатат. Аларды кантип адал экенин аныктап, иретке келтире алабыз? 

– Ооба, биз ЕАЭБге мүчөбүз жана бул уюмга мүчө мамлекеттердин да адал боюнча өз тартип, эрежелери бар. Алар бизге «Силерде адал сертификатын жеке борборлор берет экен жана ар кимисиники ар башка стандарт экен» деген сын-пикирлерди айтып жатышат. Ага жооп катары биз ЕАЭБдеги беш мамлекет биригип бирдиктүү адал сертификатын иштеп чыгып, биргеликте акредитациялайлы деп сунуш кылдык. Алар буга макул болушуп, Кыргызстандагыдай халал-индустриясы боюнча мыйзам иштеп чыгуу аракетинде болуп жатышат. Эмнеге биз бул кадамга бардык? Себеби, өзүңүз айткандай, Казакстандан бизге халал маркировкалары менен түрдүү азык-түлүк продукциялары кирип жатат. Ал жакта ондон ашык халал сертификатын берген компания бар экен. Ошондой эле Россияда да 200дөн ашык халал сертификатын берген чечен, башкыр, дагестан, татарлардын мекемелери бар. Ошолорду биздикиндей тартипке алып келип, бирдиктүү бир система кылалы деп жатабыз. Баарынан кызыгы, бизге азыр Украинадан, Кытайдан да халал делинип тоок эттери келип жатат. Аны ким текшерип, ким андай сертификат бергенин тастыктаган эч ким жок. Ошондуктан алгач беш мамлекет өз-өзүнчө ички тартипке келип, андан соң бирдиктүү бир стандарт, эрежеге баш ийишибиз керек. Ошондо ЕАЭБ аймагындагы жана бул биримдик аймагына үчүнчү жактардан келген адал делген товарлар көзөмөлгө алына баштайт.

– Халал сертификатын берүү бизнеске айланып кеткени жашыруун эмес. Буга мамлекеттик көзөмөлдүн киришине каршы чыккандар да жок эмес болсо керек?

– Башында адал маселеси диний иш болсо мамлекеттин кандай тиешеси бар дегендер болгон. Бирок, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, «Кыргыз Республикасынын адал индустриясы жөнүндө» мыйзамы кабыл алынга соң кыргызстандыктар адал системасына мамлекеттик көзөмөл керек экенин туура түшүнүп жатышат. Ушул системаны киргизип, бажы биримдигинде, тышкы саясатта да бул система менен иштесек менимче көп ийгиликтер болот. Бара-бара өзүбүздө өндүрүлгөн адал продукцияларды чет өлкөлөргө кымбатыраак сатсак болот. Мисалы, Индонезия, Жаңы Зеландия, Аргентина, Бразилия мусулман араб мамлекеттерине тирүү койлорду, эт, тоок эттерин халал кылып сатып жатышат. Ошону биз жасайлы десек Россия, Беларусия макул болуп жатат. Беларусия демекчи, бул өлкөдө эле халал багытында иштеген 117 мекеме бар экен.

– Ушул тапта Кыргызстанда канча мекеме адал сертификатын берип жатат жана алар кандай көзөмөлгө алынат?

– Буга чейин Юстиция министрлигинде 9 халал сертификатын берген жеке борбор каттоодон өтүптүр. Алардын үчөөсү иштеп жатат. Буларга атаандаштык болсун деген максатта Экономика министрлигинин астындагы Стандартизация-лоо жана метрология борбору менен Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы (КМДБ) биргеликте халал сертификатын бере турган бир борбор ачылган. Ошондо азыр үч жеке, бир мамлекеттик борбор халал сертификатын берип жатат. Мындан сырткары, КМДБ дагы өзүнчө бир халал сертификатын берүүчү орган ачыптыр. Мына ушул мекемелердин баарын акредитациядан өткөрүп, кайсыл лаборатория менен иштеп, эмненин негизинде сертификат берип жатканын текшерели деп жатабыз. Ошол жерде алардын иши боюнча бардык суроолорго жооп алынат. Эгер кайсыл бири аккредитациядан өтпөсө биздин реестрге кирбейт жана алардын продукциясы адал деп эсептелбейт.

– Бир реестрге кириш керек деп жатасыз, эртең ал бюрократияга айланып, коррупция болуп кетпейби?

–Мурда малды «Аллоху акбар» деп союп койсо эле адал болот деген түшүнүк бар болчу. Азыр заман башка, мыкты лабораториялар бар, технология өнүктү. Андыктан адал продукциялар ISО 22 000 концепциясы,  HAССP системасынын негизинде өндүрүлүшү керек. Ошондо анализдердин баары так, системанын кайсыл стандарт менен иштеп жатканы анык болот. Мисалы, Кыргызстан 2016-жылы биринчилерден болуп Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метерологиялар институтуна (SMIIC) мүчө болгон. Ал жакта азыр мусулман өлкөлөрү менен биргелешкен стандарттарды кабыл алып жатабыз. Мурда көп өлкөлөр халал индустриясын көзөмөл кылууну жеке борборлорго, жеке ишкерлерге берип коюшуп эми Кыргызстан туура кылып жатыптыр, мамлекет дагы көзөмөлдөш керек экен дегенге келип жатышат. Мисалы, Малайзия, Түркия, Араб өлкөлөрү да мамлекеттик системага өтүшүүдө. Бул бизге да абдан керек. Анткени, бизде халалды болгон жерге чаптап алып, көз боёмочулук, алдамчылык кылуулар көп болуп жатат. Эл деген эл экен, халалды көрүп алып ала берет экен. Ошону эске алып тиешелүү эрежелердин баарын «Адал индустриясы жөнүндө» мыйзамына киргиздик. Кайсы мекеме же компания өзүнүн адал продукциясын чыгардыбы, мыйзамга ылайык анын адал экенин тастыктап, көргөзүп берсин. Жана айткан QR код, реестрдин максаты да ошол. Бул жерде биз бюрократия кылалы деген эмес, халалды жарандардын саламаттыгынын коопсуздугуна шайкеш келтирели деп жатабыз. Муну ЕАЭБ өлкөлөрүндөгүлөргө түшүндүрдүк эле алар дагы халал маселесинде алдоолор көп болуп жатканын моюндашып, адалды тартипке келтирүү сунушубузду колдоп жатышат.

– Мындан үч-төрт жыл мурун жана быйыл эң ийгиликтүү делген «Тойбосс» колбасаларынан чочконун ДНКсы чыкты деген чуу чыгып, компания сырттан анализ кылдыртып келди. Сиз бизде жакшы лабораториялар бар деп жатасыз, анда эмнеге аталган компания анализди Казакстандан жасатты?

– Кыргызстанда ДНКны аныктай турган лабораториялар бар. Бирок бул жерде пайыздык катыш деген түшүнүк бар. Жалпак тил менен айтканда, колбасага чочконун эти чындап эле кошулган болсо анын ДНКсы сөзсүз чыгары анык. Ошондой эле чочконун эти кошулбаган күнү дагы аларды ташуу-да, таразага тартуу, өлчөө, кесүү убагында аппараттагы, транспорттогу чочконун молекулалары жугуп калышы мүмкүн. Муну биздин лабораториялар азырынча кыла албайт. А чет өлкөлүк лабораториялар мындай анализди жасайт. Ошол себептен биз бул окуя чыкканда Экономика министрлигинде ветеринардык инспекциялар, «Тойбос» жетекчилиги менен жолугуп көз карандысыз анализ кылуу тапшырмасын бергенбиз. Алар 50дөй сынамык (проба) жөнөтүшкөн экен чочко ДНКсы жок деп келди.

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар