Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо”санариптик системасы жөнүндө жобону бекитти. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылына биринчи класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.
Эгер бала 8 жаштан улуу болсо же баланын же ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) инсандыгын тастыктаган документтери жок болсо баланы мектепке кабыл алуу чечими Балдар иштери боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат
Каттоо тартиби
Биринчи класска кабыл алуу өлкөнүн бардык аймактарында «Электрондук жазылуу» санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланы 1mektep.edu.gov.kg платформасындагы жеке кабинет аркылуу каттай алышат.
Кабыл алуунун этаптары
Кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт:
1-этап
• Мектептин аймагында ата-эненин (же мыйзамдуу өкүлдүн) туруктуу каттоосу болгон балдар кабыл алынат;
• Башталышы: 2026-жылдын 1-апрели, саат 10:00.
2-этап
• Каттоосуна карабастан, мектепте бош орундар болсо бардык балдар кабыл алынат;
• Башталышы: 2026-жылдын 1-июну, саат 10:00.
Маанилүү эскертүү
Биринчи класска кабыл алууда төмөнкү текшерүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салынат:
• тесттер;
• экзамендер;
• конкурстар;
• маектешүүлөр.

