Албаниянын парламентинде коррупцияга байланыштуу иштен улам олуттуу башаламандык чыкты. Оппозициялык депутаттар вице-премьер-министрге жана башка аткаминерлерге коюлган коррупциялык айыптоолорго байланыштуу акыркы жумалардагы чыңалуунун фонунда полиция менен кагылышууга барды.
Жыйын учурунда оппозиция өкүлдөрү файерлерди жагып, парламенттин спикерин суу чачып, өкмөттүк отургучтарга отуруп алып, отурумду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Абал курчуп кеткенден кийин гана полиция кийлигишкен.
Демократиялык партиянын лидери Сали Бериша “Уурдап, качып жүргөндөр менен парламент болушу мүмкүн эмес. Бул жерде мыйзам гана үстөмдүк кылышы керек”, — деп билдирди.
Оппозиция вице-премьер-министр Белинда Балуккага карата расмий айыптоо корутундусу менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылууда. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын прокуратура парламентке Балукканы камакка алууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маселе боюнча добуш берүү жума күнү өтүшү күтүлүүдө.
Окуя өлкөдөгү саясий кырдаалды дагы да курчутуп, коомчулукта кеңири талкуу жаратты.


