Кыргыз опера искусствосун дүйнөгө тааныткан Болот Миңжылкыев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Бүгүнкү күндө кыргыз маданиятында улуу ырчынын мааракеси кеңири белгиленүүдө. Учурунда анын Ала-Тоонун жаңырыгындай кубаттуу үнү дүйнө сахналарын титиретип, кыргыз элин сыймыкка бөлөгөн. Баарынан мурда тоо койнундагы алакандай элдин – маданияттын эң бийик чеги жана байыркысы болгон опера искусствосундагы жетишкендиктерин дүйнөлүк деңгээлге чыгарган.
Өмүр баянына көз салсак Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Балалыгы Ысык-Көлдүн жээ-гинде, чоң энесинин колунда өтүп, элдик обондордун, ырлардын таасиринде өскөндүгү, анын чыгармачылыгына түгөнгүс казына болгон. Ал он жашында биринчи жолу театрга барып, кыргыздын улуттук операсы “Айчүрөктү” көрүп чоң таасир алат. Бул тууралуу кийин “театрдын сыйкырдуу дүйнөсү мени багындырды”, – деп эскергени бар.
Ал 1957-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук опера жана балет театрынын алдындагы вокалдык-хордук студияга окууга кабыл алынып, 1961-жылы ушул эле театрдын студиясында окуган. 1966-жылы Ташкент мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн. Улуу ырчы консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. Анын сахнадагы жолу (1968–1971) операнын бешиги Миландын Ла-Скала театрына алып келет. Ал эми 1992-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Санкт-Петербургдагы Мария опера жана балет театрында иштеп, көркүн ачкан.
Болот Миңжылкыев аткарган чыгармалар дүйнөлүк опера классикасынын алтын фондусуна кирет. Анын аткаруусундагы «Борис Годунов» операсындагы Бористин ролун искусство сынчылары «терең философиялык, күчтүү драмалык образ» деп баалашкан. Бир сөз менен айтканда, анын дүйнөлүк классикадагы опералык ролдору анын ысмын маданиятыбызга алтын тамгалар менен жаздырып калтырды. (Фигаро («Фигаронун үйлөнүшү», Моцарт), Алеко («Алеко» Рахманинов), Гремин («Евгений Онегин», Чайковский) Борис Годунов («Борис Годунов».
Ал гастролдор менен Европа, Азия жана Америка, Болгария, Польша, Германия, Жапония, Кытай ж.б. мамлекеттерде болуп, анын кубаттуу үнү бул өлкөлөрдүн дүйнөгө таанымал театр сахналарын жаңыртып турган.
Болот Миңжылкыевдин ырчылык таланты көзү тирүүсүндө эле жогору бааланып, бир катар эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон. Ага Кыргыз Респубиликасынын жана СССРдин эл артисти наамдары ыйгарылган.
Гүлназира ИСМАИЛ кызы, Кыргыз-Түрк «Манас»
университетинин студенти,
«Кыргыз Туусунун»” практиканты


