Ырлар – анын авторуна, акынга окшош болушат. Акындын мүнөзү, кыялы, ой чабыты, дегеле адамдык парасаты кандай болсо, анын баары ырларынан көрүнүп, сезилип турат.
Акын Көкүл Жаманкуловдун ырлары да куду өзүнө окшоп – жөнөкөй жана ойчул, адамгерчилик парасаты бийик ырлар. Акын Байдылда Сарногоевго арнаган “Учурашуу” деген эң сонун ыры бар. Бир караганда, бул ырда укмуштуу-дай деле жүрөктү элеп-желеп кылып алып учкан ыр саптары, окурманды тамшандырган көркөмдүк, же бир кайталангыс деле уйкаштык жоктой сезилет. Арийне бул ырдын өзгөчөлүгү – акындын стилине мүнөздүү келгендей, жумшак, майин тил менен эле жазылган. Ырды кайра кайталап окуган соң, акындын чеберчилигине тан бербей койбойсуз. Бул ырдын күчү эмнеде дегенде, биринчиден, бул ырда Көкүл Жаманкулов:
“Алты жашар чагынан,
Аттанган ырдын айлына.
Боз улан кезден булкунуп,
«Боз жорго» чыккан айдыңга.
– Аман-эсен турсузбу
Агайым-жаным Байдылда!
Ооруксунуп жанбаштан,
Ооналактап ыр жазган.
Марксизм ордуна,
Манасизм деп жаткан
– Бакубат байке турсузбу,
Бала күндөн мен тапкан!
Шар суудай жаштык кезиңиз,
Шаң менен өткөн бир бөлөк:
Шаңшыган сайын дилдиреп,
Саймалуу жака шайы көйнөк…”– деп Байдылда Сарногоевге болгон терең сый-урматын билдирүү менен, акындын таланты эрте ойгонгонун, дүбүртү таш жарып, чыгармачылыкта поэзиянын туу чокусуна жеткенин жана ошол ыйык жолдо марксизмдин ордуна Манасизм деп ыр жазып, өмүр бою кыргызга кызмат кылганын айтуу менен, манасчы акындын портретин
жараткан.
Андан ары акын Байдылда Сарногоевдин оорулуу абалы, «Таш короо» жакка бурулуп таарынганга окшоп жатканы сүрөттөлөт. Улуу муундагылардын айткандарынан улам, бул айтылуу “Таш короо” 60-70-80-жылдардагы шаардык кыргыз интеллигенциясынын жумуштан кийин эс алган жайы катары билебиз. Байдылда Сарногоев ооруп, төшөк тартып жатып калганга чейин “Таш короого” көп барганы, барып ал жерге келгендерге өзүнүн ырларынан окуп, уйкаштырып ыр токуп, тамаша айтып, көпчүлүктүн жарпын жазганы айтылып келет. Албетте, ал жерге чогулган кыргыз интеллигенциясы Байдылданын ырларын уккандан тышкары, ичимдик ичиш үчүн гана барганы түшүнүктүү. Бирок кандай дегенде да, “Таш короо” ошол доордун, ошол жылдардын маданий чордону болгон.
Акын Көкүл Жаманкулов да арноо ырында ошол “Таш короого” басым жасап:
“Балакет оору санга уюп,
Баса албай бүгүн буюгуп.
Таарынган окшоп жатыпсыз,
«Таш короо» жакка бурулуп.
Кыйытсам «Таш короо» жөнүн,
Көрсөтөбүз деп өрнөгүн.
Корейби же кытайбы,
Коюптур илип көрнөгүн.
Удургуп элиң базарда,
Убак жок карап таң калар.
Таралып барат шаарга,
Тайтаңдап турган тамгалар…” – деп Байдылданын оорулуу абалын жана айтылуу “Таш короону” ыктуу сүрөттөө менен, ошону менен биз жашаган доордун оорулуу абалда экенин сүрөттөйт, акын жашаган доордун портретин тарткан.
“Тайтаңдап турган тамгалар” деп шаардагы чет элдик жазууларды, улуттук жүзүбүз жоголуп баратканын сынга алат. Акын жазгандай, эл базарда, алар улуттук баалуулуктарды сактап калуу турсун, өз кара башын сактап калуунун амалында. Руханий дүйнөгө убакыт жок. А марксизмди эмес, Манасизмди жарлаган акын болсо оорулуу. Коом руханий жактан чөгүп, руханий жактан жок болуу коркунучунда турат. Мына ушунун баары биз жашаган доордун портрети эмей эмне? Акындын ыры жеткиликтүү, жалпак тил менен жазылып, канчалык жөнөкөй болгону менен, ошончолук терең ой сыйдырган ыр болгон жана ошонусу менен
баалуу.
Акын Көкүл Жаманкуловдун дагы бир адамгерчилик парасаты бийик ыры бул айтылуу опера ырчысы Болот Миңжылкыевге арнаган “Теңдешсиз ырчы” аттуу ыры. Бул ыр кыргыздын улуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев дүйнөдөн өткөндө жоктоо-эскерүү катары жазылган.
Ата-энем өлдү – ак дейин,
Арман жок болду анчейин.
Айламды гана кетирдиң,
Ай ырчы, сени кантейин!
Акын үчүн улуу опера ырчысын жоготуу жеке кайгыдан да оор, анткени Миңжылкыев — бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй элдин руханий кенчи, дөөлөтү. Бул ырда жеке кайгы – улуттук кайгы – дүйнөлүк масштаб деген кеңейүү байкалат.
«Коштошуу» деген кабардан
Калемим түштү кармаган.
Сен мындай назик жан белең,
Сексенге жете албаган! – деген акын даңазалуу опера ырчысынын жаш туруп, жарык дүйнө менен кош айтышканына таң калат. Нааразы да болот. Тагдырга суроо салат. Бул мыйзам ченемдүү. Себеби, ар бирибизде Миңжылкыевдин бийик добушун угуп отуруп, бекем, күчтүү инсан катары, анын өлбөс-өчпөс образы түзүлүп калган, ошондуктан анын эрте кетиши ишенимге сыйбайт.
Боз инген боздойт бөк түшүп,
Бооруна бүгүн чок түшүп.
Боздойт да, боздойт батыштан
Порумдуу көзгө боз түшүп.
Боз инген – бул эл. Боздоо – жалпы кайгы. Табият да кошо ыйлап жаткандай берилет. Батыштан боз түшүшү – күндүн батышы, өмүрдүн батышы.
Санасам адам «келгин» да,
Сан ойлуу пенде менмин да.
Саламат жүрсөң болду эле,
Шаляпин анда, сен мында.
Көкүл Жаманкулов Болот Миңжылкыевге арнаган ырында, даңазалуу ырчынын ырчылык дарамети жөнүндө сөз кылууну унутпайт. Дүйнөлүк операнын алпы Фёдор Шаляпиндин ысымын атоо менен, Миңжылкыев да анын деңгээлинде турганын
билдирет.
Саймалуу кооз жылгадан
Шар дайра элең тынбаган.
Сары-Челектен үндөсөң,
Сан-Франциско тыңдаган.
Сахнадан көрүп «асыңды»,
Сан кубулткан кашыңды.
Санкт-Петербургду багынткан
Сагынып турам «басыңды»…
Обондун жаны ушу экен,
От жанган тоонун бурчу экен.
Улар куш болуп үндөсөң,
Урпактар уюп турчу экен.
Акын Көкүл Жаманкулов ыйманы ысык ырларды жазган акын. Мейли, арноо ырларыбы, же тууган жер, өмүр, тирүүлүк, табият, жашоо, сүйүү тууралуу ырларын алабызбы, жалган пафосу жок, адамды жакшыраак болууга үндөгөн ырларды жазат. Ар-намыс, ата-эне, эл, жер, рух тууралуу ойлорду айтат. Сөзү таза, ою тунук. Акындын ырларын окуп, жүрөккө тынчтык уялайт, уят ойгонот, жоопкерчиликти сезесиң. Өзүң үчүн да, өзгөлөр үчүн да, өзүң жашабаткан коом үчүн да жоопкерчиликти
сезесиң.
Акындын ырлары башкалардын ырларына окшоп кыйкырбайт, бирөөлөрдү кемсинтпейт, ашкере көрсөтмөлүү да эмес, ашкере акыл да айтпайт. Бирок ичтен күйүп, ичтен жылытат.
Кээде тек гана форма үчүн жазылган, жасалма патриотизмге толгон, ички мазмуну тайыз, адамдын кумарын гана козгогон чыгармалар кездешет. Көкүл Жаманкуловдо мындай адамды иренжиткен нерселердин бири да жок. Акын агабыздын ырлары – ата-энени, устатты, элди ыйык туткан ырлар. Жоктоолор, эскерүү ырлары. Адамдын тагдырына боор ооруткан, момун философиясы бар чыгармалар.
Акын Көкүл Жаманкулов ыйманы ысык ырларды жазган акын дегенибиз ошондон. Жүрөктөн чыккан, адамдык касиетти сактаган, руханий жылуулук берген, окурманды тынч ойго салган поэзияны кантип ыйманы ысык ырлар дебейсиң..
Айта кетчү нерсе, акын Көкүл Жаманкуловдо окурмандын жүрөгүн бир селт эттирип алган ырлар аз эмес. Анын бири – “Жалгыз кетип баратам…” “Жалгыз баратамды” окуганда жүрөгүң бир селт этип алып, бут алдыңдагы жер көчүп кеткендей абалда
каласың:
Жалгыз кетип баратам…
Жалгыз кетип баратам…
Жабыр тартсам, билээр жок,
Жан жагымды карасам.
Турмуш өзү – төрт мезгил:
Бирде бороон жол торойт.
Бирде аптап чакыйып,
Бирде жамгыр шорголойт.
Жолго чыгып алган соң,
Жетер болсом муратка –
Жамгыр, бороон, бурганак –
Жаным калса бул аз да!
Мээнет кайтып, бар чыгар,
Мен тагдырдан аласам.
Байкап алга басмайын,
Балким издеп адашам?..
Жалгыз кетип баратам…
Жалгыз кетип баратам…
Жай алмакка бир азга,
«Жалгыз талга» жанашам.
Бул философиялык лирикада адамдын жашоо жолундагы жалгыздыгы, тагдыр менен күрөшү жана үмүтү туу-ралуу тынч, бирок терең ой айтылат. Бул жалгыздык – нааразычылык эмес, тагдырга таарыныч да эмес, тагдыр пешенеге жазганын унчукпай кабыл алуу жана сабыр менен коштолгон жалгыздык. Анда адамдын ички кайгысын эч ким байкабаганы, руханий жалгыздык сүрөттөлөт. Лирикалык каарман үмүт издеп айланасына көз чаптырат, бирок таяныч таба албайт.
“Турмуш өзү – төрт мезгил…” – бул ырдын өзөк метафорасы. Турмуш табият сыяктуу өзгөрмө: бороон – кыйынчылык, аптап – сыноо, жамгыр – кайгы же тазалануу. Акын турмушту таңууланган эмес, табигый процесс катары кабыл алат.
1964-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун кеңешчиси Байдылда Сарногоев: “Бизде ыр жазууга шыктуу көп жаштар бар. Алардын ар бири келечекте жакшы акын болууга талапкер. Ошол жаштардын бири – Көкүл Жаманкулов. Ал ырды кыска жана ойлуу жазууга аракеттенет” деп андагы жаш талапкер Көкүл Жаманкуловго өзүнүн баасын берип, ак жол каалаган экен. Акын агабыз чыгармачылык жолунда кыска да, ойлуу да ырларды жазуу менен поэзия дүйнөсүнөн өз ордун, өзүнүн жолун тапты.
Өзү турмушта кандай жөнөкөй адам болсо, поэзия дүйнөсүндө да дал ошондой жөнөкөй жана терең маанилүү ырларды жазып келет. Акын агабызга ийгиликтерди каалайбыз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

