Башкы беткеСаясат жана коомКоомБүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер тапшырылат

Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер тапшырылат

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Бул ирет борбор калаадагы К.Молдобасанов көчөсүндө курулуп бүткөн турак жайлардагы батирлердин ачкычтары үй ээлерине тапшырылат. Буга чейин бул даректе 3 көп кабаттуу 225 батирлүү турак жайдын курулушу 2025-жылдын жай айларында аяктай тургандыгы айтылган.

Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтындагы маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча 40 миң 411 жаран ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турат. Буга дейре 9799 үй-бүлө турак жайлуу болгон.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар