whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Кыргыз Туусунун" тарыхый миссиясы

«Кыргыз Туусунун» тарыхый миссиясы

XX кылымдын башында калыбына келген азыркы кыргыз мамлекетинин улуттук төл гезити «Кыргыз Туусу» мамлекеттик басылма жана маалымат булагы катары өз функциясын аткарууда.

Туура, бир кезде гезит тукулжурап, шайы ооп, бийликтин керек учурда гана колдонгон куралы, кереги жокто унутта калып келген.

«Кыргыз Туусу» Басма үйү жөнүндө 1998-жылы бекитилген Жободо «Кыргыз Туусунун» уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын өкмөтү саналат” деп белгиленип, бирок уюштуруучу тарабынан уюштурулуп жаткан басма үйүнүн-газетанын укуктук статусу жана каржылык булактары так аныкталбай калган. Уюштуруучунун функциялары жана жоопкерчилиги, газетанын ыйгарым укуктары менен миссиясы даана белгиленген эмес.

Түпкүлүгү кандай максат көздөгөнү белгисиз, айтор, ошол 1998-жылдагы токтомдо «Кыргыз Туусу» чарбалык эсептеги, өзүн-өзү каржылоочу юридикалык жак деп аныкталып калгандыктан, өкмөттүк эсептелинген газета ар кандай, ал тургай басылманын аброюна шек келтирген жолдор менен жан багууга ыктаган катардагы басылмага, медиа мейкиндикте конкуренцияга туруштук берүүгө дарамети аз жана экинчи же үчүнчү булактан маалыматтарды көчүрүп алып жайылтма алсыз субъектиге айлануу абалына кептеле түшкөн эле.

Ошентип, баалуулуктар аласалган өткөн доордо гезит бир аз буйдалып, басыгы акырындап, каражаттан каржалып, деми сууй түшкөнү болбосо, учурда «Кыргыз Туусунун» чыгармачыл жамааты өз милдеттери менен миссиясын жакшы билет,
жоопкерчилигин терең түшүнөт. Азыркы кыргыз мамлекети менен тагдырлаш «Кыргыз Туусу» медиа мейкиндикте күчтүү басылма, позитивдүү коомдук пикирди калыптандырууга жөндөмдүү, мамлекеттик саясатты маалыматтык жана идеологиялык камсыздоого жарактуу медиа каражаты. “Кыргыз Туусунун” кызматкерлери такшалган журналисттер, белгилүү адабиятчылар, жигердүү жаштар, кесипкөй адистер.

Гезит окурмандардын ишенимдүү маалымат булагы болууга, коомчулуктун анализге негизделген олуттуу материалдарга, ары кызыктуу, ары пайдалуу контентке муктаждыгын канааттандырууга умтулууда. Форматын өзгөртүп, мазмунун байытып, ар түрдүү мультимедиалык каражаттарды колдонууга өттү. Учурда «Кыргыз Туусу» өз материалдарын социалдык тармактарда жайылтат, санариптик ыкмаларды пайдаланат, веб-сайты үзгүлтүксүз иштейт. Гезиттин студиясында оргиналдуу аудио-видео контенттер жаралып, ар кандай платформада коомго сунуштала баштады.

«Кыргыз Туусу» жаңылык таратуучу гана эмес, өзү да жаңылыктарды жаратууга, изги окуяларды демилгелөөгө, маданий-интеллектуалдык процесстердин чордонуна айланууга ниети бекем, дымагы бар, планы реалдуу.

“Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезит деген статусуна шайкеш болууга тийиш. Гезит улуттун интеллектуалдык потенциалын жана жаратман энергиясын мобилизациялоого тийиш. Дал ушул максатта “Кыргыз Туусу” стратегиялык мааниге ээ маселелер, талылуу проблемалар боюнча талкууларды уюштуруп, объективдүү талдоолорду жүргүзүп, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды берип, татыктуу салым кошууга умтулган жигердүү гезит.

Маселен, “Кыргыз Туусу” гезити “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу, улуттук нарк, улуттук жаңы элитаны калыптандыруу, айыл чарба кооперативдерин уюштуруу сыяктуу үлкөн маселелер боюнча конференцияларды өткөрдү. Медиа мейкиндикте кеп маданияты тууралуу республикалык иш-чараны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте уюштурду. Медиада сүйлөө жана жазуу маданияты жөнүндө методикалык колдонмо китепти даярдап жатат. Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы менен чогуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маданияты жана сүйлөө, жазуу маданияты боюнча семинарларды, сабактарды уюштуруу пландаштырылды. Эмгек адамынын кадырын, жумушчу кесиптердин баркын көтөрүүгө арналган форумду Министрлер Кабинетинин колдоосу алдында Агартуу министрлиги менен бирге өткөрүүнү болжоодо.

“Кыргыз Туусу” улут лидери Садыр Жапаровдун Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги демилгелерин утурлай, дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды өткөрүү боюнча идеяларды сунуштоодо. Гезит коллективдүү пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу, маалымат булагы гана эмес, жаратман демилгелердин ээси, позитивдүү окуялардын очогу болмогу абзел.

Кылым карыткан гезиттин тарыхый миссиясы, саясий мааниси, коомдук ролу, маданий жана идеологиялык озуйпасы бар. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги чындап ишке ашырып жаткан жана жаңы баштала турган мега долбоорлорду, мыйзамдуулукту бекемдөө ишин, коррупцияга каршы күрөштү, “Ынтымак Ордонун” өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коопсуздугун бекемдөөгө, эл аралык аброюн арттырууга багытталган саясатын маалыматтык камсыздоо жана идеологиялык жактан коштоо биздин гезиттин башкы милдеттеринин бири.

Маалымат коопсуздугу жана маалыматтык суверенитет, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн саясий-идеологиялык жактан камсыздоо, коомдук пикир үчүн айыгышкан күрөш сыяктуу проблемалар мамлекеттик медиа ресурстарынын, анын ичинде «Кыргыз Туусунун» ролун жогорулатуу, таасирин арттыруу жана кудуретин күчөтүү маселесин ого бетер актуалдаштырды.

“Цивилизацияга кошулабыз деп саркынды канализацияга кошулуп албайлы”, – деп жарыктык Муктар Шаханов айткандай, терс кайрык үгүттөөлөргө, кесепети арбын идеологиялык таасирлерге коом кубаттуу мамлекеттик маалымат булактарынын жардамы менен гана туруштук берип, чакырыктарга татыктуу жооп кайтара алат. Буга тарыхый тажрыйба, учурда күч алган гибриддик кармаштар айкын далил. Өлкө жетекчилиги муну мыкты билет жана ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы мамлекеттик гезиттерге ургаалдуу жазылуу өнөктүгүн уюштуруу тууралуу атайы чечим кабыл алды. Мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштуруу боюнча Кабинеттин башчысы Адылбек Касымалиевдин тескемеси (22.04. 2025. № 327-т) тиешелүү кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кынтыксыз аткарыла турганына ишеничибиз бекем.

Алмаз КУЛМАТОВ,
«Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар