Башкы беткеСаясат жана коомКоомАКШ кыргызстандыктарга жаңы миграциялык чектөөлөрдү киргизди

АКШ кыргызстандыктарга жаңы миграциялык чектөөлөрдү киргизди

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти ушул жумадан тартып Кыргызстандын жарандарын АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, бул чаралар америкалык тараптан бир жактуу негизде жана  кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен  кабыл алынган. Мындай жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалогдун алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат.

Ушуга байланыштуу жакын арада тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Л.Вигери менен жолугушуусу болот. Анда чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген себептер, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат.

Тышкы иштер министрлиги АКШ менен конструктивдүү кызматташтыкка чоң маани берет, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди улантат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар