АКШнын президенти Donald Trump Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоо маселесине катышууну каалап жатканын айрым эл аралык ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, өткөн аптада каза болгон Ирандын жогорку лидери Ali Khameneiнин ордуна ким келери талкууланып жатат. Ирандагы диний жетекчилер анын ордуна талапкерлерди карап жатышканы айтылууда.
Reuters жана Axios басылмалары Трамп Хаменейинин уулу негизги талапкер болушу мүмкүн экенин мойнуна алганын жазышкан. Бирок ал мындай талапкерди колдобой турганын билдирген.
Хаменейинин уулу Моджтаба Хаменей тууралуу маалымат аз. Ал 1969-жылы төрөлгөн жана мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана «Басиж» ыктыярдуу кошуундары менен тыгыз байланышта болушу мүмкүн.
Эл аралык басылмалар Ирандын жогорку лидери болушу мүмкүн болгон башка талапкерлерди да атады. Алардын арасында Ирандын сот системасынын башчысы Голам Хоссейн Мохсени-Эджеи, Эксперттер ассамблеясынын төрагасынын орун басары Алиреза Араффи жана Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хаменейдин небереси Хасан Хаменей бар.
Трамптын айтымында, эгер жаңы лидер Хаменейинин саясатын уланта турган болсо, АКШ аны тааныбайт. Ал мындай жагдай келечекте АКШ менен Ирандын ортосунда жаңы жаңжал чыгышына алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.


