Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБилим берүү уюмдарын оңдоп-түзөөгө 105,5 млн. сом бөлүндү

Билим берүү уюмдарын оңдоп-түзөөгө 105,5 млн. сом бөлүндү

2025-жылы балдардын билим алуусу жана жашоосу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өлкө аймагындагы бир катар жатак мектептерде жана атайын билим берүү уюмдарында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда, — деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында, буга республикалык бюджеттен 105,5 млн. сом бөлүнгөн.

«Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.

Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө Кендирбаева комплекттөө маселесине да токтолуп: «Аз комплекттүү класстарды ачууга жол берилбеши керек», – деп баса белгиледи.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар