22-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 3–4-декабрында Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты. Мындан тышкары, алдыда пландалып жаткан жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларга даярдык маселелери каралды.
Тараптар тышкы саясий ведомстволор аркылуу белгиленген пландарды ишке ашырууга багытталган активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
