whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү2027-жылга чейин Жашыл климаттык фонд менен кызматташуунун программасы бекитилди

2027-жылга чейин Жашыл климаттык фонд менен кызматташуунун программасы бекитилди

Жаратылыш ресурстары министрлигинде Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда Кыргызстандын “Жашыл климаттык фонд” (ЖКФ) менен кызматташуусунун Өлкөлүк программасы 2027-жылга чейин расмий түрдө бекитилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул стратегиялык документ өлкөнүн приоритеттүү климаттык багыттарын жана эл аралык каржылоого муктаж долбоорлордун тизмесин аныктайт.

Ошондой эле министрлик буга чейинки климаттык каржылоону тартууда жетишилген ийгиликтер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2010–2023-жылдары Кыргызстан климаттык каражаттарды төмөнкү эл аралык институттардан ийгиликтүү тарткан:

  • Дүйнөлүк Банк — 303,7 млн доллар
  • Азия Өнүктүрүү Банкы — 194,4 млн доллар
  • Германиялык түзүмдөр — 73,1 млн доллар
  • БУУнун Өнүктүрүү Программасы — 63,1 млн доллар.

Инвестициялар төмөнкү секторлорго бөлүнгөн.

  • Энергетика секторуна — 306,6 млн доллар;
  • Айыл, токой чарбачылыгы жана балык чарбасына — 140,5 млн доллар;
  • Суу секторуна — 122,8 млн доллар багытталган.

«Министрлик бүгүн бекитилген Өлкөлүк программа аркылуу ири масштабдагы, таасирдүү жана гранттык артыкчылыкка ээ долбоорлорду алдыга жылдырууну, ошондой эле жаңы климаттык инвестицияларды ыкчам тартууну улантат»,- деп айтылат маалыматта.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар