whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлектрондук документ жүгүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлдү

Электрондук документ жүгүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлдү

2024-жылы Кыргызстанда электрондук документ жүгүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президенттин администрациясы жана мамлекеттик органдар кагаздын ордуна электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү. Бул чечимдерди кабыл алууда тез, ыңгайлуу жана экологияга зыянсыз. Мурун документтер үчүн тонналаган кагаздар керектелчү.

«Азыр электрондук документ менен иштеп жатабыз. Бул кагазга караганда ар бир документке 30 мүнөткө чейин убакыт үнөмдөйт жана чыгымдарды 90%га кыскартат. 2024-жылдын өзүндө эле мамлекет электрондук документ жүргүзүүдөн 1 миллиард 205 миллион сомдон ашык үнөмдөгөн.

Электрондук документ жүргүзүүнүн дагы бир артыкчылыгы — жетекчилик тараптан көзөмөл күчөйт. Ким жумушту кечиктирип жатат, ким документти кармап турат — баары системада көрүнүп турат. Мурдагыдай документтер папкага салынып, айлап столдун үстүндө кала бербейт, бюрократия да азаят.

Бул — президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан санариптештирүү реформасынын жыйынтыгы», — деп жазды ал.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар