whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКамчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Анын орун басары мурдагы премьер-министр, азыркы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков.

«КРСУ гуманитардык өнөктөштүктүн флагманы жана жаңы муундагы кадрларды даярдоого колдоо көрсөткөн аянтча болушу керек. Камкорчулар кеңеши университеттин туруктуу жана технологиялык өнүгүү багытын колдойт», — деди УКМК төрагасы.

Камчыбек Ташиев бул дайындоо тууралуу кабар ал үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалады.

Кеңештин отурумуна Орусиянын президентинин Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, бизнес өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышкан.

Атайын кызматтын башчысы төрагалыкка шайлангандан кийин журналисттерге жооп берип жатып, КРСУну колдоо фондун түзүү пландалып жатканын билдирди.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар