Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйбек Жунушалиев Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушту

Айбек Жунушалиев Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар француздардын Veolia жана POMA компаниялары менен шаардык инфраструктураны модернизациялоо алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгиленгендей, борбор калааны жылуулук менен камсыздоо системасын өнүктүрүүгө багытталган Veolia менен долбоорго өзгөчө көңүл бурулууда. Француз технологияларын жана инвестицияларын тартуу менен жаңы отканаларды куруу жана ЖЭБди (Бишкек ТЭЦ) модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, жыйында Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу маселеси талкууланды.

Шаар мэри француз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл аралык тажрыйбаны жана алдыңкы технологияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Франциянын элчиси шаардык инфраструктураны туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Veolia жана POMA өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар пландалып, анда долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары жана механизмдери кеңири талкууланат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар