Башкы беткеМаанилүүКыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Нооруз майрамын бирге белгилейт

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Нооруз майрамын бирге белгилейт

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Нооруз майрамын бирге белгилешип, иш-чарага президенттер катышат. Бул тууралуу Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.

Кыргызстандын президенти элдердин ортосундагы ишенимди чыңдоо маанилүү экенин, бул жерде биргелешкен маданий иш-чаралар өзгөчө роль ойноорун белгиледи.

«Ушул контекстте 31-мартта Хожент шаарында боло турган Нооруз майрамынын маанилүүлүгүн белгилегим келет. Чакыруу үчүн ыраазычылык билдирем жана Ноорузду биргелешип белгилөө Борбордук Азия элдеринин тынчтыгын жана биримдигин билдирген жакшы салтка айланат деп ишенем» , — деди мамлекет башчысы.

Рахмон өз кезегинде Жапаровго Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин Хожент шаарында өткөн үч тараптуу жолугушуусуна катышууну ырастаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар