Башкы беткеМаанилүүДинара Кемелова ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси менен жолукту

Динара Кемелова ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси менен жолукту

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча Президенттин Атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси Фолькер Фробарт менен жолукту.

Кемелова Фробартты дайындалышы менен куттуктап, тоолуу аймактарды өнүктүрүүдө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташууга ишенимин билдирди. Ошондой эле уюмдун алыскы райондордогу ишкер айымдарды колдоо, органикалык дыйканчылыкты өнүктүрүү жана билим берүү тармагындагы долбоорлорго кошкон салымын белгиледи.

Жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу, мөңгүлөрдүн эриши, органикалык өндүрүштү колдоо, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана тоолуу жамааттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Фолькер Фробарт климаттын өзгөрүшүнүн таасирин изилдөө, билим берүү жана илимий долбоорлорду колдоого токтолуп, ЕККУнун Тоолуу беш жылдык Жол картасын ишке ашырууда кызматташууга даярдыгын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар