Башкы беткеИлимий изилдөөКлеткалар инсульттан кийин мээни калыбына келтирүүгө жардам берет

Клеткалар инсульттан кийин мээни калыбына келтирүүгө жардам берет

Цюрих университетинин жана Түштүк Калифорния университетинин окумуштуулары стволдук клеткалардын инсульттан кийин мээни калыбына келтирүүдө потенциалы бар экенин көрсөткөн изилдөө жүргүзүштү. Чычкандарга жүргүзүлгөн эксперименттерде  адам клеткалары мээде ийгиликтүү жайгашып, нейрондорго айланып, жабыркаган функцияларды калыбына келтире алган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп бергендей, клеткалар мээ ткандары менен байланыш түзүп, кан тамырларды калыбына келтирүүгө, сезгенүүнү азайтууга жана мотордук функцияларды жакшыртууга жардам берген. Бул изилдөө мурдагы иштерден айырмаланып, клеткалардын мээ нейрондук тармактарына интеграциясын терең талдоого багытталган.

Окумуштуулар бул терапия келечекте инсульттан жабыркаган адамдардын мээсин калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бере алат деп үмүттөнүшөт, бирок адамда колдонуу үчүн коопсуздукту жана башка аспектилерди терең текшерүү керек.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар