Жапония Борбор Азия өлкө лидерлери менен саммит өткөрүүгө камынууда

Жапония өкмөтү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин бириктирген ири саммит уюштурууну пландап жатат. Жапон маалымат каражаттарына ылайык, жолугушуу быйыл декабрда Токио шаарында өтүшү мүмкүн.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү менен Жапония 20 жылдан бери «Борбор Азия – Жапония» форматында министрлер деңгээлинде кызматташып келген. Ал эми алдыдагы жолугушуу — лидерлердин кеңири форматта биринчи жолу чогулуу аракети.

ЖМКлар жазгандай, акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттери Орусия менен салттуу байланыштарын сактап, Кытай менен да активдүү кызматташтыкты күчөтүп жатат. Ушундай кырдаалда Жапония табигый ресурстарга бай аймак менен өз мамилесин бекемдөөгө кызыкдар.

Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити да бул саммитти экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары баалап жатат.

Эскерте кетсек, аталган саммит 2024-жылдын августунда Казакстанда өтмөк. Бирок жапон делегациясынын сапары жер титирөө коркунучуна байланыштуу токтотулган.

Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү бул пландалган саммит тууралуу расмий маалымат тарата элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз