Башкы беткеМаанилүүАйпери Медет кызы Алматыдагы мелдеште жеңүүчү болду

Айпери Медет кызы Алматыдагы мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарындагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңишке жетти.

76кг салмакта күрөшкөн Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашты.

Беттештин биринчи бөлүгүндө атаандаштынын пассивдүүлүгү үчүн Медет кызына 1 упай берилип, ал 1:0 эсебинде алдыга чыкты.

Экинчи бөлүктө калыс Айпери Медет кызынын пассивдүүлүгү үчүн Бакбергеновага 1 упай берип, эсеп теңелди. Эгер беттеш ушундай эсеп менен аяктаганда акыркы упай алган Жамиля Бакбергенова жеңүүчү болмок. Бирок Медет кызы 4 упай ыкма жасап, алдыга чыга алды.

Беттеш 5:1 эсебинде аяктап, Айпери медет кызы жеңишке жетти.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар