Биз Google, Amazon жана Microsoft компаниялары менен бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов G-Cloud мамлекеттик булут платформасын ишке киргизүү учурунда билдирди.
«Бүгүн биз мамлекеттик G-Cloud булут платформасын ишке киргизип жатабыз. Бул тууралуу көп сүйлөштүк жана бүгүнкү күндү болушунча эртелеттик. Долбоорду иштеп чыгууда бизде санариптик өнүктүрүү боюнча 2 министр алмашты. Ушул боюнча токтоп, бул серверди кеңейтүү боюнча ишти баштай албайбыз. Мындан улам кечээ биз Google компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштук жана Amazon, Microsoft менен байланыш бар. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр болушу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», — деди Байсалов.
МинКаб төрагасынын орун басары Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана бул ишке катышкан бардык мамлекеттик ишканаларга жана бул платформада өз кызматтарын ийгиликтүү ишке ашырган бардык тиешелүү ведомстволорго ыраазычылык билдирип, куттуктады.