Башкы беткеМаанилүүОрусиядан 73 миңден ашуун кыргызстандык мажбурлап чыгарылышы мүмкүн

Орусиядан 73 миңден ашуун кыргызстандык мажбурлап чыгарылышы мүмкүн

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда Орусиянын көзөмөлдөөчү реестрине 73 миң 278 кыргыз жараны киргизилген. Алар 11-сентябрдан тартып өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат.

2024-жылдын башынан бери 98 миң 670 кыргызстандык “тобокел тизмесинен” чыгарылган. Анын ичинен 14 миң 584ү документтерин Орусиядан чыкпай эле жөнгө салса, 84 миң 86сы чыгып кеткенине байланыштуу реестрден алынган.

Мындан тышкары, 84 миңге чукул кыргыз жараны Орусиянын “кара тизмесине” илинип калган жана бул өлкөгө киргизилбейт.

ТИМ кыргыз жарандарына маселе жаралса, төмөнкү номерге кайрылууга чакырды: +996 999 312 002.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар