Башкы беткеСаясат жана коомКоомМайдагы майрамдарда Ала-Арча жаратылыш паркына автобустар каттайт

Майдагы майрамдарда Ала-Арча жаратылыш паркына автобустар каттайт

1-майдан 11-майга чейин Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат.

Маалыматка ылайык, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.

Жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттап, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгатры айтылды.

Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.

Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттары маалымдалды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар