Башкы беткеСаясат жана коомКоомКоомдук ишмер Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында дүйнө салды

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында дүйнө салды

14-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, ишкер Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында кайтыш болду. Бул кабарды парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Өмүрбек Абдрахманов 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Акман айылында жарык дүйнөгө келген. 1969–1971-жылдары советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде катчынын орун басары болуп баштаган. 1975–1980-жылдары студенттик отряддар штабынын командири, 1980–1987-жылдары Аламүдүн районундагы Стрельников атындагы асыл тукум заводунда партия уюмунун катчысы болуп иштеген. 1987–1989-жылдары Арашан айылдык кеңешинин төрагасы, 1991-жылдан тарта Чүй облустук кеңешинин башкармалыгын жетектеген.

1994–2008-жылдары «Азат мебель» компаниясынын директору болуп иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2007-жылы «Реформалар үчүн» кыймылынын координатору болгон. 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.

2015-жылы «Ар-Намыс» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюп, бирок парламентке өтпөй калган.

Соңку жылдары Кемин районунда алма өстүрүп, дыйканчылык жана ишкердик менен алектенип келген.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар