Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Rothschild & Co өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Rothschild & Co өкүлдөрүн кабыл алды

11-сентябрда Бишкекте Президент Садыр Жапаров Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда экономикалык жана финансылык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мамлекет башчысы Rothschild & Co дүйнөлүк каржы рыногунда ишенимдүүлүк жана терең экспертиза менен таанылганын белгилеп, Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин айтты. Ал акыркы жылдардагы реформалардын натыйжасында өлкөдө туруктуу экономикалык өсүш, өнөр жай жана курулуштун өнүгүшү, инвестициялык климаттын жакшырышы байкалганын кошумчалады.

Өз кезегинде компания өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришип, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду колдоо, каржылык инструменттерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча даяр экендиктерин айтышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар