GALLOPS-2025 эл аралык долбооруна даярдык көрүү боюнча кезектеги кеңешме болуп өтүп, аны Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды.
Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Бишкектен долбоорду уюштуруучу топтун мүчөлөрү онлайн форматта катышты. Кеңешмеде локациялар, катышуучулардын коопсуздугу, медициналык тейлөө, логистика сыяктуу уюштуруу маселелери талкууланды.
GALLOPS-2025 эл аралык иш-чарасы 2025-жылдын 19–26-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда өтөт. Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана анын алкагында катышуучулар Жумгал районунун Кызарт айылынан баштап Соң-Көлдү айланып, 5 күн ичинде 200 чакырымдан ашык аралыктан ат менен бастырып өтүшөт.
GALLOPS — бул дүйнөнүн ар тарабынан келген чабандестер үчүн командалык багыт алуу, чыдамкайлык жана жаратылыш менен бирдиктеги турмушту камтыган уникалдуу атчан жарыш. Аталган иш-чара «Париж–Дакар» сыяктуу атактуу жарыштын концепциясына негизделген.
2025-жылдагы GALLOPS долбооруна 15тен ашуун мамлекеттен келген 100гө жакын чабандес катышат. Алардын катарында дүйнөгө таанымал инсандар, кино жылдыздары, атактуу адамдар жана падышалык үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү да болушу күтүлүүдө. Бул иш-чара дүйнөлүк медиа каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири чагылдырылары болжолдонууда.
GALLOPS долбооруна даярдык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, эл аралык уюштуруучулар жана жеке сектордун тыгыз кызматташуусунда жүрүп жатат.
Gallops тарыхына кайрылсак, 2014-Оманда, 2018-жылы Мароккодо, 2019-жылы Индияда, 2021-Иорданияда өткөрүлгөн.
Айнура ДҮЙШӨК кызы, Нарын облусу