Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-февралда Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы маданият эки элдин ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнүн маанилүү негизи экенин белгиледи.
Президент 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн айтып, жакында Москва шаарында ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун билдирди. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россиянын командасын активдүү катышууга чакырды.
Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун мурасы маданий байланыштарды чыңдоодо өзгөчө роль ойной турганы айтылды.
Өз кезегинде Михаил Швыдкой Президентке Россиянын башчысы Владимир Путиндин жылуу саламын жеткирди. Ал 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын биргелешип белгилөөнү сунуштап, уюштуруу комитетин түзүү демилгесин көтөрдү.
Жыйынтыгында тараптар маданият жана гуманитардык диалог багытында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.


