Бүгүн Адылбек Касымалиев 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерге арналган уюштуруу комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Жыйынга Президенттин атайын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жетекчилери жана аймактык өкүлдөр катышты.
Жыйында белгиленгендей, Садыр Жапаров тоо маселесин эл аралык деңгээлде активдүү көтөрүп келет. Анын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2023–2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыялаган.
Отурумда 2025-жылга карата жол картасынын аткарылышы талданып, айрым министрликтердин отчеттуулугу канааттандырарлык эмес деп табылды. Жооптуу кызматкерлерге тартиптик чара көрүү сунушталды.
Ошондой эле 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилип, тоолуу аймактарды комплекстүү изилдөөнү активдештирүү тапшырмасы берилди.
МинКаб төрагасы 2027-жылдын 21–23-октябрында өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык башталарын белгиледи. Максат — 2027-жылга чейин тоолуу аймактарда инфраструктураны, энергетиканы, саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү.

