Кэти Хокул Ак үйдөн 13,5 млрд доллар кайтарууну талап кылды

0
2116

Нью-Йорк штатынын губернатору Кэти Хокул АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынан тарифтик төлөмдөр үчүн 13,5 млрд доллар компенсация берүүнү талап кылды.

Губернатордун айтымында, кошумча бажы төлөмдөрү киргизилгенден бери штаттагы орточо үй-бүлө жылына кошумча 1751 доллар чыгым тарткан. Бул баа Йель университетинин Бюджеттик лабораториясынын эсептөөлөрүнө таянат.

Хокул тарифтерди “негизсиз жана мыйзамсыз салык” деп атап, алар керектөөчүлөргө, чакан бизнеске жана фермерлерге оор жүк болгонун белгиледи. Анын айтымында:

  • Айрым фермерлердин чыгымы жылына 20 миң долларга чейин өскөн;
  • Штаттын сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 7%га кыскарган;
  • Айыл чарба химикаттарынын 80%дан ашыгы жана техникасынын 70%ы кошумча тарифтерге дуушар болгон өлкөлөрдөн импорттолгон.

Ошол эле учурда АКШнын Жогорку соту өткөн жумада эл аралык өзгөчө кырдаалдар боюнча экономикалык ыйгарым укуктар мыйзамына (IEEPA) таянып киргизилген кеңири тарифтер Конституцияга каршы келет деген чечим чыгарды.

Губернатор бул чечим Нью-Йорк штатынын тургундары тарткан чыгымдарды кайтарууга негиз болушу керек деп эсептейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз