(Улуттук тарых музейинин Кыргызстандын байыркы алтындары фондусунун коллекциясынан)
Байыркы сактарга таандык эки илмеги бар тегерек коло того, археологиялык көрүнүктүү табылгалардын бири. Эң кызыгы, тогонун ичине жолборстун башы түшүрүлгөн. Жолборстун оозун арсайтып ачкандагы алдыңкы жана үстүңкү азуулары, анын комдонуп жаткан ачуулу абалын берет. Көзү, мурду, кулагы жана терисинин бүктөлүштөрү рельефтүү даана берилген.

Бул сак чеберинин колунан чыккан зер буюмга күчтүү жырткычтын өң-турпатынын берилиши, сактарда зергерчиликтин өнүккөндүгүн жана күчтүү жырткычтар колдойт деген байыркы тотемдик түшүнүгүнүн тарагандыгын билдирет.
Буюмга түшүрүлгөн жолборстон, Туран жолборсу тууралуу бай маалымат алууга болот. Байыркы доордогу исскустводо калган маалыматты, 1906-жылы Кыргызстанга келген венгер окумуштуу-саякатчысы Дьерд Алмашинин тартып алган сүрөтү да тастыктайт. Ал жаңы атылган жолборсту сатып алып жана сүрөтүн фотоаппаратка түшүрүп, чоң эмгек калтырган.
Б.з.ч. VIII-III к.к. сактардын мезгилинен тартып – XX кылымдын башына чейин
Кыргызстандын аймагында жолборстор болгондугун элдик оозеки маалыматтар да
ырастайт.
Айтылуу кытайга элчиликке барган Түлкү баатыр көчтү тоскон жолборсту булдурсун камчы менен бир чаап өлтүргөндүгү аңызга айланып айтылып келет. Кыргызда жолборс чапкан баатырлар көп болгон.
Ал адамзат тарыхында алгачкы ойлонуп табылган металл – колодон жасалган того бул — көчмөн элдердин ат ээринин маанилүү бөлүгү жана байыркы ат жабдыгынын өнүгүү эволюциясын изилдөө үчүн баа жеткис маалымат берген булак болуп саналат.
Бүтүндөй тарыхты баяндаган бир буюмдун баалуулугу – доорлордун табышмактуу түйүнүн чечүүгө негиз болуп берген уникалдуулугунда экендигин коом билүүгө тийиш.
Өмүрбек Самүдүнов,
Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери (атайын «Кыргыз Туусу» үчүн)