Башкы беткеСпорт жана туризмСпортБишкекте “Жаз деми” жарышы өтөт

Бишкекте “Жаз деми” жарышы өтөт

Бишкек шаарында 12-апрелде “Жаз деми” аттуу чуркоо жарышы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн келген 4500гө жакын катышуучу катышып, 5 км, 10 км жана 21,1 км аралыкта чуркашат.

Жарыштын багыты өткөн жылдагыдай эле “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында уюштурулат. Тактап айтканда, маршрут төмөнкү көчөлөрдү камтыйт:

  • Жайыл баатыр көчөсү (Алыкулов көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин);
  • А. Масалиев көчөсү (Садырбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин).

Ушуга байланыштуу 12-апрелде саат 05:00дөн 13:00гө чейин Жайыл баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы убактылуу жабылат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар